Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мыскал Өмүрканова (1915-1976)

Баш барак | Биографиялар | Мыскал Өмүрканова (1915-1976)

Мыскал Өмүрканова (1915-1976)Абалтан ар бир эл өзүнүн ой-тилегин, үмүтүн, муң-зарын, тунук махабатын, кубанычын, кусалыгын, эрдигин, элге, жерге, ата-энеге болгон сүйүүсүн, бактылуу заман үчүн күрөшүн терең мазмундагы ырларында баяндап жана даңазалап келген. Ар бир элдин, ар бир мезгилдин өзүнчө ыры бар дегендей аткаруучусу да бар.

Алардын бири кыргыз элине кеңири белгилүү ырчы - Мыскал Өмүрканова. Ал чыгармачылыгын айыл арасында эл ырларын аткаруу менен баштаган. Кеңири диапазондуу коңур үнү анын чыгармачылыгынын өсүшүнө жол ачат. 1936-жылы Эл чыгармачылыгынын республикалык биринчи олимпиадасында биринчи сыйлыкка татыктуу болгон.

Ал эми 1937-жылы Чаек айылдык театрга кабыл алынат. Андан соң 1940-жылы Нарын шаарында ачылган облустук театрга кирет. 1941-1963-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде армия бөлүктөрүндө, 1944-жылы Польша фронтундагы токой госпиталдарында концерт берген.

Жакшы ыр бардык учурда адамдын жан жолдошу болгон. Баарынан да карапайым калкты рухий жактан байытып, ички дүйнөлөрүн тазартып, ар тараптан жетилткен. 1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышкан.

Мыскал Өмүрканова элдик ырларды Ак кептер, Ак бермет, Кызыл гүл ошону менен катар Атайдын Күйдүм чок, Ой булбул, жана башка дагы көптөгөн лирикалык ырларды өтө чеберчилик менен аткарып келген. Ал элдик ырларды созуп ырдоонун жаңы боёкторун ачуу менен катар үнүнүн тунуктугу, мукамдуулугу менен айырмаланган.

1954-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти деген наам берилген, 1955-1959-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Ленин эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал орто мектебине Мыскал Өмүрканованын ысмы ыйгарылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1150, Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу