Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мурза Гапаров

Баш барак | Биографиялар | Мурза Гапаров

Мурза ГапаровПрозаик, драматург, жазуучу жана кинодраматург Мурза Гапаров 1936-жылдын 22-мартында Ош облусунун Ноокат районунда колхозчунун үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1953-жылы Ноокаттагы Федоров атындагы орто мектебин бүтүрүп, 1962-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1965-1967-жылдары Москвадагы жогорку сценариялар курсунун угуучусу болгон. Эмгек жолун жөнөкөй колхозчу болуп баштаган, андан соң 1957-жылга чейин геологиялык чалгындоо партиясында жумушчу болуп иштеген.

Кыргызстандын элдик жазуучусу Мурза Гапаровдун аты кыргыз адабиятында 1960-жылдары белгилүү боло баштаган.

1962-жылы аны Тажик ССРинин Мургаб районуна мугалим болуп иштөөгө жөнөтүшөт.

1963-жылдан тарта Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор болуп, 1967-жылдан, андан соң 1980-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясында редактор, 1968-жылы "Кыргызтелефильмде" редактор, ал эми 1970-жылдан тарта республиканын киноматографисттер союзунда кеңешчи болуп эңмгектенет.

1974-жылы Ош шаарындагы Кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнү башчысы, 1984-жылы киноматографисттер союзунун Ысык-көл облусу боюнча кеңешчи, 1987-жылы "Кыргызфильмдеги" сценарий бөлүмүнүн мүчөсү.

Анын чыгармалары 1950-жылдын ортосунан баштап басылып чыга баштаган. 1963-жылы өзүнчө басылма менен "Мейман" аттуу повести жарык көргөн, "Күн мурун түнү" аңгеме жана повесттер жыйнактарынын автору (1975), 1979-жылы "Дарыялардын шоокуму", 1983-жылы "Биздин үйдүн Карлсону" аттуу жана башка чыгармалары Кыргыз жана боордош республикалар театрынын сахналарына коюлуп жүрдү.

"Күнөстүү арал", "Эч нерсе эмес" толук метраждуу көркөм фильмдердин сценарии, Ибрагимбеков менен биргеликте "Көчө" жана ондогон хроника-документалдуу фильмдердин соавтору.

Бекеренин Мурза Гапаровду "кичи" жанрдын устаты деп айтапаса керек. Ал окурманды өзүнүн каармандарынын ички дүйнөсүнүн кеңдиги, алардын толкундоолору, санаалары жана сүйүүсү менен тартып кете алат. Чыныгы көп кырдуу талант десек дагы ашык болбос.

Кыргыз адабиятынын жетектөөчү сынчысы Абдыганы Эркебаев айткан экен: "Мурза Гапаровдун чындыгы жана романтикалык дүйнөсү шайкеш куюлган" - деп.

1986-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген искусство ишмери.

1974-жылы СССР БКнын, 1971-жылы СССР киноматографисттер союзунун мүчөсү.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз тилиндеги чыгармалары:

Мейман: Повесть. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. — 63 б.

Бир шингил жүзүм. — Ф.: Мектеп, 1966. — 20 б.

Кара-көлдүн каздары: Аңгемелер. — Ф.: Мектеп, 1973.— 128 б.

Биздин жакта Арстанбапта. — Ф.: Мектеп, 1977. — 13 б.

Дирыялардын шоокуму: Повесттер. — Ф.: Мектеп, 1979.— 136 б.

Кызыл беде: Повесттер жана аңгемелер. — Ф.: Кыргызстан, 1980.— 168 б.

Күнөстүү арал: Драмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1983.— 168 б.

Бир шингил жузум: Жомок. — Ф.: Мектеп, 1984. — 20 б.

Жаңгак токойдун жомогу: Повесттер жана аңгемелер — Ф.: Кыргызстан, 1987. — 460 б.

Орус тилинде

Гроздь винограда: Сказка. — Ф.: Мектеп, 1959.— 20 с.

Гость: Маленькая повесть. — М.: Дет. лит., 1970. — 46 с.

Дикий гусь: Повести, рассказы. — М.: Сов. писатель, 1976. — 256 с.

Ночь предопределений: Пьеса.—М.: ВААП, 1978. — 53 с

Солнечный остров: Фантазия в 2-х действиях. — М.: ВААП, 1978.— 49 с.

Дикий гусь: Повести, рассказы. — Ф.: Кыргызстан, 1984. — 271 с.

Гроздь винограда: Сказка. — Ф.: Мектеп, 1983.— 20 с.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 18203, Өзгөртүлгөн: 2024-04-03, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо