"Мидин Алыбаев" - кепке да, ырга да шыктуу, таланттуу акын. Ал коомдогу терс көрүнүштөрдү өз чыгармаларында кылдаттык менен сынга алган, ар дайым шаттык, күлкү коштоп жүргөн шайыр адам болгон. Анын айткандары элдин таразасынан өтүп, Ала-тоонун булуң-бурчуна чагылгандай тез тарачу. Мидин 1917-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
Алгачкы билимди өзү туулуп өскөн Чаек кыштагынан алып, адабият дүйнөсүнө отузунчу жылдары келген. Чыгармачылык иши Фрунзедеги (Бишкек) педтехникумда окуган жылдары башталып, согушка чейин: Бактылуу жаштык, Ырлар жыйнагы, Жомокчу мерген аттуу китептерин тартуулаган.
Ыйык мекенибизди басып кирген фашисттик баскынчылар бардык эле адамдардай эле Мидиндин да жек көрүүсүн козгоп, Мекенди сүйүүгө, аны фашисттик баскынчылардан коргоого чакырган жалындуу ырларды жараткан. Кыргыздын турмушун, табигатын жана анын кооздугун сүрөттөө акындын ырларынын чордонун түзүп, буга анын Ала-Тоо, Соң-Көл, Биздин жайлоо деген чыгармалары күбө боло алат.
"Мидин Алыбаев" чебер сатирик катары да белгилүү. Осмоналы лөкүй, Дүжүр бука өңдүү фельетондору, Бюрократ, Кошоматчы, Китепкана Эркинбек, Тилекмат өңдүү ырларында турмушта кездеше турган ар кандай жат көрүнүштөрдү ашкерелеген. Акындын Түлкү менен ат кулак, Карга менен сагызган, Эшек жана от, Сот болгон коён деген тамсилдери бар. Ак чүч (1957) аттуу китеби эл арасында зор кызыгууну пайда кылып, кеңири белгилүү болгон.
Ал Курорттогу окуя, Зоотехник Буйлашев, Жантектин керээзи деген пьесаларды, бир нече аңгеме, очерк, фельетондорду (Жарык көрбөгөн каттар, 1964) жазган. Мидин Алыбаев балдарга арнап: Жомокчу мерген, Эмне үчүн короз таң алдында чакырат, Эки бүркүт өңдүү китептерин чыгарган. Мидин котормочу катары А. С. Пушкиндин Өрттөлгөн кат, Бир гүл аттуу ырларын, В. Маяковскийдин Кеңешип бүтпөгөндөр сатирасын кыргызча кайра жараткан. Мындан башка С. Маршак, С. Михалков, К. Симонов, Г. Гулям, Шиллердин ырларын кыргыз окурмандарына тартуулаган.
[ushka=seredina] Мидинге Көл кумундай жайнаган, Көп акындын бири мен. Көксөгөн менен кол жетпейт, Көйкашка акын Мидикем. Төрт сап ыр жазсам ойлонуп, Төрт-беш жерде өөнү бар. Тири укмуш акын Мидикем, Тилине баскан мөөрү бар. Таш жарып чыккан чынында, Таланттар көп Жумгалда. Миң мертебе ырахмат, Мидинди берген Жумгалга. Көп узартпай бүтөйүн, Көрүп турам элесин. Халтура сүйбөс Мидикем: - Жоруптап жаз, иничек, Жолуң болгур! – дебесин. (Жолочу Рыспаев) Талантың таңкы чолпон жылдыз эле, Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле. Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт, Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне! (Байдылда Сарногоев)