Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Масалиев Абсамат

Баш барак | Биографиялар | Масалиев Абсамат

Абсамат Масалиев Масалиевич (10-апрель, 1933-жыл, Ош облусу, Кадамжай району, Алыш айылы — 31-июль, 2004-жыл, Бишкек) — партиялык жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасыны Баатыры (2005). Өндүрүш, тоо-кең, айыл-чарбанын мыкты адиси.

Абсамат Масалиев
Абсамат Масалиев
сүрөт булагы
БК КПСС политбюросунун мүчөсү
1990-жылдын 14-июлунан — 1991-жылдын 25-апрелине чейин
Кыргыз Республикасынын, Кыргыз ССРинин БК КП жетинчи Биринчи катчысы
1985-жылдын 2-ноябрынан — 1991-жылдын 6-апрелине чейин
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 16-төрагасы
1990-жылдын 10-апрелинен — 10-декабрына чейин
КПССтин Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы
1979-жылдын январы — 1985-жылдын июнь айы
Төрөлгөн датасы1933-жыл, 10-апрель
Төрөлгөн жериКыргызстан, Ош облусу, Кадамжай району, Алыш айылы
Каза болгон датасы2004-жыл, 31-июль, Бишкек шаары
ПартияКПСС

«Кыргызстан» Коммунисттик Партиясынын (КП) Борбордук Комитетинин (БК) биринчи катчысы (1985—1991), Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы (1990), Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын (ССКП, орусча КПСС) Борборбордук Комитетинин политбюро мүчөсү.

Өмүрүнүн дээрлик жарымын коомдук жана мамлекеттик ишмердүүлүккө арнаган Масалиевдин демилгеси менен 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз тили жалгыз мамлекеттик тил болуп жарыяланган.

XX кылымдын 30-жылдарын куугунтукталып, атылып кеткен мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин акталуусу үчүн дагы салым кошкон.

Масалиевдин мезгилинде Советтер Союзунун бүлүнүүсү, Эгемен Кыргызстандын биринчи кадамдары сыяктуу оңой эмес сыноолор туура келген. 1990-жылдын апрель айында Абсамат Масалиевге ошол кездеги легендарлуу парламенттин депутаттары тарабынан президенттик кызмат сунушталып, бирок, Масалиев андан баш тарткан. Ошентсе да, 1995-жылкы Президенттик шайлоого катышып А. Акаевдин негизги атаандашы болгон.

«Советтик доордон үзүндүлөр»(Бишкек, 1996) атту китептин автору.

Таржымалы

1949-жылы Үч-Коргон айылындагы 8-жылдык мектепти бүтүп, 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун артыкчылык диплому менен аяктайт. 1956-жылы Москва шаарындагы «И. Сталин» атындагы тоо-кен институтун бүткөн. 1956-жылдан «Кызыл-Кыя көмүр» башкармасынын «Комсомольская» шахтасында мастер, участка начальнигинин жардамчысы. 1958-жылы «Кыргыз көмүр» трестинин (Ош ш.) башкы инженери. 1960-жылдан КПСС мүчөсү. 1961-жылы Ош обкомунун өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн инструктору. 1962—1964-жылдары Алматыдагы Партиялык жогорку мектепте окуган. 1964-жылдан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети менен Кыргыз ССР Министрлер Кеңешине караштуу Партиялык-мамлекеттик көзөмөл комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүндө инспектор, Ош облусунун партиялык-мамлекеттик көзөмөл комитетинин төрагасынын орун басары. 1966-жылдан «Кыргызстан» КП Ош обкомунун өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн башчысы, «Кыргызстан» КП БКнын өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн башчысына орун басар.

1969-жылы Компартиянын Таш-Көмүр шаардык комитетинин биринчи катчысы, 1971-жылы Кыргызстан КП БКнын өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн башчысы. 1972-жылдан Бишкек шаардык Эл депутаттар советинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1974—1979-жылдары Кыргызстан КП БКнын катчысы. 1979—1985-жылдары Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы (Каракол ш). 1985-жылы КПСС БКда инспектор, ошол эле жылдын ноябрынан 1991-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.

Ошол эле учурда, 1990—1991-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы. 1991-жылы апрелде ардактуу эс алууга чыгып, 1991-жылдын аягына чейин КПСС БКнын идеология бөлүмүндө консультант болгон. 1993-жылдан Кыргыз Республиканын мамлекеттик тоо-кен техникалык көзөмөл комитетинин директору. 1979—1991-жылы СССР Жогорку Кеңешине, 1971—1975 жана 1985-жылдан Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңешине депутат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр чогулушунун I чакырылышынын депутаты, 2000-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу чогулушунун депутаты.

2004-жылдын 31-июлунда 71 жаш курагында күтүүсүз жүрөк оорусунан дүйнөдөн кайтып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

«Жетекчи катары өмүр бою элдин камын ойлоп, ошону менен жашадым» — Абсамат Масалиев.

Апсамат Масалиевдин иштешкендери, жан-курдаштары аны Чыныгы демократ адам болуучу деп эскеришет.

Кыргыз Мамлекетинин саясый өнүгүшүнө зор салым кылган Абсамат Масалиев баскан жолу келечек муунга өрнөк. «Акылдашалы, макулдашалы, анан бир чечимге келели» деген сөзү бардык Кыргызстандыктарга насаат болуп калды.

Жөнөкөйлүк
(Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевич Масалиевдин 90 жылдыгын утурлай)
Жөнөкөйлүк жадына сиңген белем,
Жардамында жок болчу анда ченем.
Карапайым калк ичин аралаган,
Кадыр-баркы ааламдай эле кенен.

Инсан эле айылдан жолун салган,
Изги ойдо жүрөктөн орун алган.
Маани бере жашаган эртеңине,
Маңдайына жылдыздын нуру тамган.

Мамлекеттик иштердин жүгүн тарткан,
Эл дегенде татыктуу сыйын тапкан.
Эмгек менен, кажыбас кайрат менен,
Уулу болду Алышка сыймык арткан.

Тоо-кен окуу жайында кесип тандап,
Көмүр казды шахтёрлор тобун жандап.
Идиректүү мүнөзү тынч койбогон,
Илим кенин казууга өттү ал бат.

Эмгек жолу башталып тоо кенинен,
Көтөрүлүп даража эмгегинен.
Өжөрлүктө өркүнү өстү улам,
Партиянын Жогорку мектебинен.

Эл башына бактысы конгон болду,
Эрезеси билимдин толгон болду,
Калды ийкем башкарып мамлекетти,
Эл тараптан ишине колдоо болду.

Көп нерседен үмүткөр жаны дилгир,
Өлкө үчүн сезими болду илгир.
Жүргөн кезде эл менен биргеликте,
Көралбаска айланган чыгар кимдир?!.

Союз деген ыдырай баштаганда,
Көп тоскоолдор жолунда чыкты анда.
Ошондо да эл деди, кебелбеди,
Бой урду ал кең кадам таштаганга.

Кыргыз эли доорунда баяналуу,
Эгемендик канатын жая алды.
Ошондо да жардамы тийди анын,
Башкарууда кеңешин аябады.

Ала-Тоонун кушундай кыраан эле,
Эл башкарар ишинде чыгаан эле.
Аты калды кыргыздын тарыхында,
«Бардык нерсе эл үчүн!..» урааны эле!

Унутулбай келет бир эли барда,
Улуулукка үндөгөн деми барда.
Ак иштеген дайыма эске алынып,
Айтылар сөз кылымдан кылымдарга!
Автор: Бакытбек Мукарамов (Илегилек), Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Раззаков шаары, 11.05.2023-жыл.

Замандаштары Масалиев жөнүндө

Сыйлыктары жана наамдары

Түбөлүктөө

Үй-бүлөсү

Кыздары — Айсалкын, Айчүрөк, уулдары — Исхак, Муса. Жубайы — Хайрыхан (Хайриниса) Козубаева.

Сайтка жарнама жайгаштыруу