TYUP.NET
Баш барак | Биографиялар | Мамбетова Насира

Мамбетова Насира

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Мамбетова Насира(1948-жылыт. Жети-Өгүз району, Тамга айылы) - артист, Кыргыз Республиканын эл артисти (1992; эмгек сиңирген артист, 1978). 1972-жылы айыл В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтун бүткөн. 1972-жылдан Ош кыргыз драма театрында иштейт. М. улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдарынын спектаклдеринде бир катар каармандардын образын түзүп, алардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер ачып көрсөтүп бере алган актриса. Театрда ойногон негизги ролдору: Ак бала (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жаңыл Мырза (айыл Куттубаев, К. Маликов, «Жаңыл Мырза»), Кадича, Сейде (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет»), Багдагүл (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Мадина (М. Карим, «Жөө Махмуд»), Аял (М. Байжиев, «Акыркы рейс»), Гертруда (У. Шекспир, «Отелло»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимистик трагедия»), Актриса (М. Гапаров, «Туздуу чөл»), Бермет (жылы Садыков, «Ак Мөөр») жана башкалар М. кинодо да тартылган: Бекей (Б. Шамшиев, «Ак кеме»), Кадича (И. Поплавская, «Мен Тянь-Шань») жана башкалар «Нооруз-91» театр майрамында фестивалдын женүүчүсү болгон. Медалдар менен сыйланган.

Көрүүлөр: 853
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.