Кыргыз жери (ыр) | |
---|---|
Сөзү | Ж. Садыков |
Обону | Н. Давлесов |
Сүйөм сени
Кыргыз жери,
Сүйөм сени жанымдай
Түн жок сенин,
Түнүңө окшош.
Таң, жок сенин таңыңдай,
Ташты жарып.
Обон салып,
Туйлап акса булагың.
Жашыл арча гүлдүн жыты,
Кимдин жазбайт кумарын,
Асыл жерим ардагым да,
Арналат сага ырларым да (эй).
Элдин энчи,
Байлык кенчи.
Керме тоону, талааны,
Бак-даракка саймаланган.
Суйом кыштак калаанды,
Жерде жаткан,
Көп-көк асман.
Дегим келет,
Көлдүн дагы жашарууга.
Жашарууга.
Кайырма:
Жериң алтын,
Жайың салкын.
Кышың жылуу ар качан,
Сен турасын көнүлүмдө.
Качан кайда барбасам,
Кыргыз жери,
Малдын кенчи.
Дандын кени бир өзүн,
Өмүр бою карегимден.
Өчпөйт сенин сүрөтүң.
Кайырма:
Асылым жерим ардагым да,
Арналат сага ырларымда