TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Кыялдануу (ыр), сөзү А. Чойбеков, обону К. Артыков

Кыялдануу (ыр), сөзү А. Чойбеков, обону К. Артыков

Акыркы оңдоо:

Кыялдануу (ыр), сөзү А. Чойбеков, обону К. Артыков

Жыпарың бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргалган.
Жыргалга бөлөп сезимди,
Үнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөр дестелеп,
Көрүнө калсан жылгадан.

Кайырма:
Көбүртүп булак толкунун,
Акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой үн курап.

Акырын сылап чачындан,
«Алтыным» десең эркелеп.
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсен эртелеп.
Боз жорго минип келатсан,
Алдыдан чыксам эртелеп.

Кайырма:
Кызарса булут сурулуп,
Кызылгат бышса кубулуп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбүргөн терсек жүгүрүп.

Чачылып жатса шуудурум,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мелт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.

Кайырма:
Ак жамгыр төксө шорголоп,
Арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.

Көрүүлөр: 1925
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо