TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Кыялдануу (ыр), сөзү Ш. Бейшеналиевдики, обону Э. Мукамбетовдуку

Кыялдануу (ыр), сөзү Ш. Бейшеналиевдики, обону Э. Мукамбетовдуку

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Кыялдануу (ыр), сөзү Ш. Бейшеналиевдики, обону Э. Мукамбетовдуку

Мезгилдер кылчак бурсачы,
Адамга моюн сунсачы.
Отуздан жашты өткөзбөй,
Ордунда жүз жыл турсачы.

Убакыт шашпай жылсачы,
Урпакка таазим кылсачы.
Кырктан жашты өткөзбөй,
Кылымга токтой турсачы.

Күү чалкытып көңүлгө,
Өкүнбөй өткөн өмүргө.
Арымдуу иштеп талбайлы,
Чаласын койбой төгүнгө.

Ак, караны ылгайлы,
Азапты жеңип жыргайлы.
Ашыктык, достук, ынтымак,
Аземин шаңдуу ырдайлы.

Көрүүлөр: 1387
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо