Кыялдануу (ыр), сөзү А. Осмоновдуку, обону К. Тагаевдики.
Бирге жүрдүк, бирге жайлап бир айлап,
Кайык минсек сен отуруп, мен айдап,
Мен арчадай жаш эсебин билгизбей,
Сен кайыңдай жаңы гана,
Сен кайыңдай жаны гана бүр байлап.
Уялбадым, тарткынчылык кылбадым,
Шек билгизбей атыңды атап ырдадым,
Тик карабай чырайыма, жүзүмө,
Сен уялып жерди карап,
Сен уялып жерди карап кызардың.
Кетпейт, кетпейт ал уяттын кызылы,
Мына ошондо ашыктыктын кызыгы.
Кубартпаса, бозортпосо кокустан,
Фрунзенин аптабы курч,
Фрунзенин аптабы курч ысыгы.