Сайтты колдонуу тажрыйбасын жакшыртуу үчүн tyup.net cookie файлдарын колдонот. Бул кукилер сайттын туура иштешин камсыз кылуу, аналитика жүргүзүү жана персоналдуу жарнамаларды көрсөтүү үчүн колдонулат. Зарыл эмес кукилер сиздин макулдугуңузсуз иштетилбейт. Толук маалыматты Купуялуулук саясаты бөлүмүнөн окусаңыз болот.
Power Point презентация жасайбызWhatsApp: +996 509 481 446Акын Өмүркул Кулумбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунун Терек-Суу кыштагында 1933-жылдын 15-майында жөнөкөй эмгекчинин үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. 1950-жылы өз айылындагы орто мектепти аяктап, биринчи эмгек ишин Нарын шаарындагы облустук типографиясында терүүчү адистигинде иштөө аркылуу баштаган. 1954–1957-жылдары Советтик Аскерде катардагы жоокер болуп кызмат кылып, өз милдетин аткарган. 1957-жылдан Нарын шаарындагы, шаардык аткаруу комитетинде, андан сон 1958-жылдан Тянь-Шань аскер комиссариатынын облустук мүдүрүнүн жардамчысы болуп эмгектенген. 1961-жылы кызматтык командировка кезинде авто-унаа кырсыгына учурап, эки буту баспай калган. Ошол убактан тартып чыгармачылык иши менен алектене баштаган. 1-топтогу майып.
1966-жылдан тартып ырлары басма-сөздөгө чыга баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Турмуш кайрыктары» деген ат менен 1970-жылы жарык көргөн. Ошондой эле 10 поэтикалык жыйнактын ээси. Анын ырларына көптөгөн обондор түзүлгөн. Кулумбаевдин кээ бир ырлары орус тилинде да жарыкка чыккан.
1972-жылдан СССР Жазуучулар биримдигинин мүчөсү.
Кыргыз тилинде жарык көргөн китептери: Турмуш кайрыктары: Ырлар, 1970-жыл, (84бет) Менин эрким: Ырлар, 1971-жыл, (80бет) Каккын жүрөк: Ырлар, 1973-жыл, (83бет) Менин үнүм: Ырлар, 1973-жыл, (40бет) Уч кыялым: Ырлар, 1976-жыл, (79бет) Бийик дабандар: Ырлар, 1980-жыл, (68бет) Көктөм жыты: Ырлар, 1982-жыл, (76бет) Тоолор сүйлөйт: Ырлар, 1984-жыл, (155бет) Арчалуу булак: Ырлар, 1986-жыл, (152бет) Элет торгою: Ырлар, 1990-жыл, (96бет) Элет торгою: Ырлар, 2001-жыл, (177бет)