Жолборс тоштун астына жатпаган атактуу балбан Кожомкул Каба уулу Суусамыр өрөөнүндөгү азыркы 8-март кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө 1888-жылы төрөлгөн. Ал жаш чагынан эле олбурлуу балбан болгон. Бир тойдо манап Кожомкулга кайрылып: «Жигит, сени эл балбан дешет. Эгер балбандыгын чын болсо, тез тетиги желеде турган азоо тайлардын бирөөсүн биз отурган жерге көтөрүп келчи», — дейт. Кожомкул бир тайды козудай көтөрүп, дөбөдө отурган элге алып келет.
1921-жылы Кожомкул Пишпек шаарына келип, казак элинин атактуу балбаны Чолок балбан менен күрөшүп, 23 мүнөттөн кийин жерге көтөрүп чабат. Ошондо аны көрөм деп келген бир абышканы ат-маты менен жерден так көтөрүп алып, бир топ жерге басып барат. Суусамыр жайлоосундагы Кен-Суунун тектирине суу чыгармакчы болушуп, жыйырмага жакын киши арык казып жатканда, арыктын так нугунда бир килейген чон таш жаткан экен. Ал ташты он чакты киши жабылып, ордунан козгой албай жатса, Кожомкул келип калат да: «Силер мындай тургулачы, мен бир байкаштырып көрөйүн» — деп, арыктын ичине отура калып, эки буту менен чирене тээп, чон ташты ордунан козгойт. Анын астына келтек салып, бир башын Кожомкул жалгыз, экинчи башын жети-сегиз киши көтөрүп, тоголотуп жиберишкен экен.
Ошол чон таш азыр да Кер-Торунун оюнда жатат. Дагы бир жылы Суусамырдын Арамзаа жайлоосунда Кожомкул жоондугу бир кучак келген узун мамы ташты жүз метр жерге көтөрүп барып, казылган чункурга орнотот. Ал таш ошол жерде азыр да турат. «Кожомкулдун ташы» деп даназа кылып жүргөн атактуу таш ошол. Аны Кожомкул 1910-жылы көтөргөн экен. Ал таштын узун-туурасын, көлөмүн өлчөгөндө, төмөнкүдөй болуп чыкты:
Кожомкул Каба уулу 1955-жылы дүйнөдөн кайтты. Кожомкул балбандын атын өчүрбөй, эскерип жүрүш үчүн Кыргыз Республикасынын спорт коому жыл сайын күрөш боюнча Кожомкул атындагы мелдеш өткөрүп жүрөт. Ага Россиядан, Кавказдан, Орто Азиядан, Казакстандан балбандар катышат. Женгендерге Кожомкул атындагы сыйлык ыйгарылат. Мелдешке катышкан балбандар Суусамырга барып, Кожомкулдун күмбөзүнө гүлдестелерди коюп турушат.
Кожомкул атанын көлөмү: Бою — 197 (башка маалыматтар боюнча — 230) см. Салмагы — 164 (кээ бир маалыматтар боюнча — 203) кг. Чокоюнун өлчөмү — 52. Колунун (алаканынын) узундугу — 26 сантиметр. Бармагынын жазылыгы — 4 сантиметр.
Кожомкулдун ысымы менен ал төрөлгөн айылга аты берилген. Өзү далына салып көтөргөн таштардын музейи ачылган. Кожомкул айылынан алыс эмес жерде жайгашкан 700 кг салматагы ташты жергиликтүү манаптын мүрзөсүнө көтөрүп барган деген имиштер бар. Айылдын четинде Кожомкулдын апасы коюлган, ал жерге Кожомкул 160 кг салмактагы ташты көтөрүп барып эстелик катары койгон деген кептер да бар.
Кожомкул ата жаш кезинде жумуш деген жумуш деп, намыстанбай байларга жалданып иштеген. Кийин Кыргыз ССРинин Кокомерен айыл кенешинде колхоздун өкүлү болуп, 20 жылдан ашуун Суусамыр өрөөнүндөгү колхозду башкарган. 8-март колхозунда мектеп курган. Суусамыр ошондой эле Чуй облустунун өнүгүүсүнө салым кошкон. Кожомкул ата оор салмактагы спортсмен, кадимки фермер эле болбостон, тажрыйбалуу аңчы да болчу. Дээрлик күн сайын Кожомкул атанын өмүрлүк жары Акмадай атабыз аң уулап келген жандыктардан даамдуу тамактарды даярдап берчү дешет. 1937-жылы репрессияланып түрмөдө (айдоодо) бир жылдай болот. Өзүнүн эмгектери үчүн "Эмгек Кызыл Туу" ордени, Кыргыз ССРинин ардак грамотасы. 1955-жылы дүйнөдөн кайткан.