Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

коштошуу вальсы

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | коштошуу вальсы

Созу К. Урманбетовдуку

Обону Х Азиреткуловдуку

Козго жаш айланабы,

Конулум байланабы.

Колунду кое бербей,

Кош дедим кайра дагы...

Толгонуп шашылбадым,

«Токто» деп чакырбадын,

Топ таштай чачылгамын...

Сен мени жоготтунбу?

Токтолуп шашылбадым,

«Токто» деп чакырбадын,

Чакмактай чачылгамын...

Сен мени жоготтунбу?

Айтпадым намыс барын,

Акырын алыстадым.

Капарга алганын жок,

Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,

«Кайрыл» деп чакырбадын,

Шурудай чачылгамын...

Сен мени жоготтунбу?

Кайрылып шашылбадым.

«Кайрыл» деп чакырбадын,

Мончоктой чачылгамын...

Сен мени жоготтунбу?

Куймолуп басып аран,

Кун менен батып барам.

Кун чыгат кайра-кайра,

Мен чыкпайм... жашып барам.

Кармалып шашылбадым...

«Кайткын» деп чакырбадын.

Жылдыздай чачылгамын...

Сен мени жоготтунбу?

Кылчактап шашылбадым,

Кыйкырып чакырбадын,

Кыргыздай чачылгамын...

Сен мени жоготтунбу?

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1375, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу