Коштошуу (ыр), сөзү Ш. Дуйшеевдики, обону А. Сардарбековдуку
Ыйлабачы эркем мен десең,
Ый жолуна узаткансыбай.
Андан көрө сөзгө термеп сен,
Адатынча эркелетчи жай.
Кайырма:
Мезгил бизди алыстатаар,
Жүрөктөрдү сагыныч басаар.
Махабатым ошол кезде,
Жарык чачаар, жарык чачаар.
Жаштыгымдын сырларындай.
Жакшы күндүн ырларындай.
Жадырачы жалгыз менин,
Жалгыз менин жыргалымдай.
Көздөрүңдөн келчи өбөйүн,
Көп ойлонуп кайгы жебегин.
Түбөлүккө кеткен жерим жок,
Келем эркем кайра келемин.
Кайырма: