TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Күттүм сени (ыр), сөзү, обону К. Тагаевдики

Күттүм сени (ыр), сөзү, обону К. Тагаевдики

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Күттүм сени (ыр), сөзү, обону К. Тагаевдики

Жалгызсырайм бир өзүңдү самаймын,
Учкан куштай өткөн күндү санаймын.
Үшкүрүнүп, үмүттөнүп ар качан,
Улам, улам сүрөтүңдү караймын.

Ээ, берекем,
О менин жан эркем,
Жооп бербейсиң күндө келем,
Ошончолук таш боор белен.

Күттүм сени, күттүм сени сүйгөнүм,
Күтө берип сенден күдөр үзбөдүм,
Ал турмушта карааныңды акмалап,
Айыптуудай алдан тайып жүдөдүм.

Ээ, берекем,
О менин жан эркем,
Жооп бербейсиң, күндө келем,
Ошончолук таш боор белең.

Көрүүлөр: 638
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.