TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Күттүм сени (ыр), сөзү М. Жангазиев, обону А. Жантемиров

Күттүм сени (ыр), сөзү М. Жангазиев, обону А. Жантемиров

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Күттүм сени (ыр), сөзү М. Жангазиев, обону А. Жантемиров

Куттум сени, күн баткандан таң сурулуп атканча,
Үкү келип уясында уйку сурап жатканча.
Күттүм сени, жылдыз тарап жалгыз чолпон калганча,
Жылкычылар үйүн карай эс алууга барганча.

Күттүм сени шүүдүрүмдүн тамчылары акканча,
Жеңелерим чака кармап, сууну көздөй басканча.
Күттүм сени, кайда жүрдүң, кимдин колун кармадын?
Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча алдадын?

Көрүүлөр: 1818
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.