Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көсөбаев Карыбай

Баш барак | Биографиялар | Көсөбаев Карыбай
src="/uploads/bio/kosobaev-karybai.jpg" alt="Көсөбаев Карыбай" align="left" width="200" height="291" class="alignleft"/>Көсөбаев Карыбай 1921-жылдын 10-майында Ысык-көл облусунун Түп районуна караштуу Табылгыты конушунда төрөлгөн. 1932-жылы атасы Көсөбай каза болгондон кийин энеси Калича менен Каракол совхозунун Чымынды-Сай жайлоосунун саан гуртуна көчүп барып, энеси саанчы, Карыбай өзү музоо баккан. Ошол жылдан тартып Каракол айылында жашап калышкан. 1938-жылы Каракол айылындагы мектептин 9 классын бүтүрүп, комсомолдо мүчө болгон. 1938-1941-жылдары Каракол совхозунун Белкарасуу саан гуртунда маслодел болуп иштеген.



1940-жылы Токтогожоева Үпөлгө үйлөнүп, бир уулду болгондон кийин 1941-жылдын июль айында согушка аттанган. 1941-жылдын сентябрь айына чейн 108-кавалериялык дивизиянын катарында кызмат өтөгөн. 1941-жылдын декабрь айынан тартып 1942-жылдын сентябрь айына чейин 79-ИПТАПтын катарында Москва шаарынын астындагы салгылашууларга катышып, бутунан жарадар болуп, Тарапец аскер ооруканасында жаратынан айыгып чыккан. 1943-жылдын ноябрь айынан баштап 88-аткычтар дивизиясынын чалгындоо отрядында чалгынчы болуп согушка катышкан. 1944-жылдын 30-январында биринчи “Эрдик” медалы менен сыйланган. Ал эми 1944-жылдын 12-июлунда экинчи “Эрдик” медалы менен сыйланган.



1945-жылдын январь айында “Аскер даңкы” үчүнчү даражадагы ордени менен сыйланат. 1943-жылы Орше шаарынын алдындагы салгылашууда бомбанын астында калып контузияга учураган. 1945-жылы болсо Кёнизгберг шаарын бошотуудагы салгылашуусунда сол колунан жарадар болуп, аскер ооруканасындагы даарылануудан кийин Көсөбаев Карыбайды Сызрань шаарындагы танк окуу жайына курсант болуп кирген. 1945-жылдын сентябрь айында үч жолу жарадар болгон жоокерлерди демобилизация кылганына байланыштуу мекенге кайтып келген.



1945-жылдын октябрь айынан 1947-жылдын июль айына чейин Барскоон орто мектебинде аскер окутуучусу болуп кызмат өтөгөн. 1947-жылдан 1951-жылга чейин Каракол совхозунун Чолпон фермасында тракторчулардын бригадири болуп эмгектенген. 1951-1952-жылдары Ташкенттеги Капланбек зооветтехникумун окуп бүтүп, 1952-жылдын декабрь айынан тартып 1955-жылга чейин Чолпон фермасында талаачылык бригадири болуп ийгиликтүү эмгектенген. Ошондой эле 1953-жылдан 1955-жылга чейин Тасма-Каранар поселкалык кеңешине шайланып, төрага болуп кызмат өтөгөн.



Декабрь 1955-жылдын декабрь айынан баштап 1965-жылга чейин Шахта жыргалаңында кен ташуучу, көмүр казуучу, ВГСЧ куткаруучу болуп эмгектенген. 1965-жылдан 1974-жылга чейин Шахта жыргалаңынын поселкалык кеңешине шайланып, төрага болуп кызмат кылган. 1974-жылдан 1976-жылга чейин Түп май заводунун жумушчусу болуп иштеген. 1976-жылдан 1985-жылга чейин Пржевальскийдеги нан жана азык-түлүк комбинатына караштуу Түп дан кабыл алуучу жайынын башчысы болуп кызмат кылган.



1985-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыгат. Пристань-майзавод мекемелеринде парт.уюмунда катчы болуп дайындалган. 1993-жылдан 1995-жылдары “Эскерүү” энциклопедиясынын Түп бөлүмүндө редактор. 1995-жылдан 2000-жылга чейин Түп ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп кызмат өтөдү. 1996-жылдан 2002-жылдары Ысык-көл облустук ардагерлер кеңешинин мүчөсү болуп да кызмат өтөгөн. 2003-жылдын апрель айында инфаркт оорусунан бул дүйнө менен кош айтышкан.

Карыбай ата Өмүрлүк жары Үпөл Көсөбаева менен 63 жыл биргеликте, ары татаал, ары кызыктуу өмүр сүргөн.



2 уул, 1 кызды жакшынакай тарбиясын берип, эрезеге жеткирип, өстүрүшкөн. Уулу Көсөбаев Курманбек кесиби боюнча инженер-химик, экинчи уулу Көсөбаев Бейшенбек КГНУну бүтүрүп, кесиби боюнча тарыхчы болуп, 41 жыл профессионалдык техникалык билим берүү системасында эмгектенип азыркы учурда ардактуу эс алууда. Келини Көсөбаева Багдөөлөт профессор, педагогика илимдеринин доктору, көптөгөн илимий эмгектердин жана монографиялардын автору, 9-10 класстын окуучулары үчүн кыргызча химия китебинин автору.



Небереси Көсөбаев Азамат Москва шаарындагы Бауман атындагы жогорку техникалык окуу жайын бүтүрүп, азыркы учурда Казах-нефть-транс компаниясынын президенти. Небереси Көсөбаев Алмаз Москва шаарындагы МГУнун журналистика факультетин бүтүргөн, учурда Казахстандагы “Diamont Creative Studio” жарнамалык компаниясынын генералдык директору. Небереси Кособаев Сейитбек 1999-2000-жылкы Баткен коогаланынын катышуучусу. Азыркы убакта аскер кызматында СГОнун ага офицери болгон.

Көсөбаев Карыбай атанын 9 небереси, 21 чөбөрөсү бар.



Көсөбаев Карыбайдын сыйлыктары:

1. III даражадагы Даңк ордени – 1945-жыл

2.Эрдик үчүн медалы – 1943-жыл

3. Эрдик үчүн медалы – 1944-жыл

4.Германияны жеңгени үчүн медаль – 1946-жыл

5.Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы күжүрмөн эмгеги үчүн – 1967-жыл

6.Улуу Ата Мекендик согуш жеңишине 25 жыл медалы – 1967-жыл

7.СССР куралдуу күчтөрүнө 50 жыл медалы – 1970-жыл

8. СССР куралдуу күчтөрүнө 60 жыл медалы – 1979-жыл

9.Улуу Ата Мекендик согуш жеңишине 30 жыл медалы – 1976-жыл

10.Улуу Ата Мекендик согуш жеңишине 40 жыл медалы – 1985-жыл

11. СССР куралдуу күчтөрүнө 70 жыл медалы – 1988-жыл

12.I даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени – 1985-жыл

13.Эмгек ардагери медалы – 1981-жыл

14.31-аскердинин ардагери ардак белгиси – 1985-жыл

15.88-дивизиясынын ветераны ардак белгиси – 1985-жыл

16.31-аскердин 50 жылдык юбилейдик белгиси – 1991-жыл

17. Улуу Ата Мекендик согуш жеңишине 50 жыл медалы – 1995-жыл

18.Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери ардак белгиси – 1996-жыл

19.Георгий Жуков медалы – 1996-жыл



Грамоталар:

1.Кыргыз ССРинин күбөлүгү «Данк китебине жазылат» - жогорку кенешинин президиуму, декабрь 1985-жыл

2.Кыргыз ССРинин жогорку кенешинин ардак грамотасы - жогорку кеңешинин президиуму, июль 1985-жыл

3.Ардак грамота «Жаштардын насаатчысы» Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети, октябрь 1987-жыл

4.Ардак грамота «Жаштар насаатчысы» Түп районунун райондук коммунисттик партиясы 1988-жыл

5.Ардак грамота «Улуу жеңиштин 50 жылдыгына «Эскерүү» китебинин чыгаруудагы эмгеги үчүн» октябрь 1998-жыл
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 710, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу