TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Кечиргин (ыр), тексти, сөзү К. Урманбетов, обону И. Жунусов

Кечиргин (ыр), тексти, сөзү К. Урманбетов, обону И. Жунусов

Акыркы оңдоо:

Кечиргин (ыр), тексти, сөзү К. Урманбетов, обону И. Жунусов

Карындаш, астачы,
Тетири баспачы,
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.

Көзүмдү алалбай,
Артындан барам жай.
Сезилдин эң жакын,
Эн жакын адамдай.

Жароокер күлгөнүң,
Эстетет сүйгөнүм...
Сен анын сиңдиси
Же болуп жүрбөгүн?

Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле,
Эки жак ууртунда
Уяча бар эле.

Кечиргин карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас...

Сымбаты таптаза,
Окшошуп жатса да,
Сүйгөнүм бар эле
Жүрөгү башкача...

Көрүүлөр: 1261
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо