"Капуста туздоо" боюнча түрлөрү ушул макалада, капустаны түрлүү кылып оңой туздоо рецептери. Капустаны кышка чейин сактоо дайыма эле мүмкүн боло бербейт, ошондуктан аны туздоо, маринаттоо жана андан кышкы салаттарды жасоо керек. Дүкөндөгү маринатталган капустанын курамына ар кандай кычкылдыктарды кошушат, а бул дайыма эле пайдалуу эмес. Мунун оптималдуу түрү капустаны банкаларга туздоо. Макалада орустардын мыкты үйдө жасалуучу рецептери чогултулду. Анда эмесе баштайлы.
Капустаны даамдуу кылып туздоо. Капуста сабиз менен жакшы айкалышат, дайындалган азыкка сабиз кошумча даам бербестен, аны кооз дагы кылат. Жашыл чөптөрдүн жытын калемпир жана лавр жалбырагы чыгарат. Мындай дайындаманы коркпостон дасторконго койсо болот, ал кооз болуп, ысык тамак алдында берилүүчү сонун ысылык болот.
Керектүү ингридиенттер:
Үй шартында капустаны кантип туздоо керек - рецепт:
Капустаны кызылча менен кантип туздоо керек "Капуста туздоо" үчүн түрдүү жашылчаларды кошушат. Алар даамдуу жана жыттуу аралашманы алууга жардам берет. Кызылча болсо капустанын даамын толуктап ага укмуштуудай түс берет, өзүңөр билгендей эле капуста кубарган түскө ээ эмеспи. Төмөнкү рецептте кесек туз жана кант эле колдонулбастан, лавр жалбырагы, кара мурч, гвоздика жыттуу жыгачтын бүрлөрү, хрен дагы кошулат. Мындай аралашма табитти ачырып, өтө даамдуу болот.
Керектүү ингридиенттер:
Капустаны рассолдо кантип туздоо керек:
Кантип капустаны тез туздоо керек Күз келгенде кышкы салат жасоо мезгили келет, жакшы үй кожойкеси кышкыга абдан жакшы, даамду салат-вареньелерди жасайт. Капустаны туздоонун жөнөкөй рецепти анча убакытты албайт. Эң башкысы жашылчанын сулпусун туураш керек, бул үчүн ашкана комбайнын, терка же шинковка колдонсо болот. Даярдоо оңой, ал эми даамы болсо сонун жегиликтүү. Айткандай эле сабиз кошуп койсо болот, бирок бул сөзсүз эмес, ансыз деле сонун болот.
Керектүү ингридиенттер:
Капустаны банкада кантип туздоо керек:
Капустаны кышкыга кантип туздаса болот, мурч жана сарымсак кошуп Мындай рецепт менен дайындалган капуста, узакка созулган дайындоону талап кылбайт, ал эми сакталышы болсо, кышкы айлар бүткөнгө чейин сакталат. Рецептке кошулган калемпир жана сарымсак даамын жакшынакай жана кызыктуу кылууга жардам берет. Ачуулугун тууралап кошсоңуз болот. Кышкыга туздалган капуста - витаминдердин куржуну.
Керектелүүчү азыктар:
Капустаны кышкыга кантип туздоо керек:
Капустаны алма менен туздоонун рецепти Бул рецептке алманын жашылдарынан, кеч бышкан сортторунан тандап алабыз, мындай алмада кычкыл даам болуп, жашылчалар менен жакшы айкалышат. Андан тышкары бул рецепте кесек туз жана суу керектелет. Бир дайындаганда көп көлөмдө дайындап алса болот. Мындай дайындоодо бардык компоненттер өзүнүн пайдалуу касиеттерин жоготпойт. Бул рецепт дагы "капуста туздоо" убакытын анча албайт.
Зарыл болгон азык-түлүктөр:
Дайындоо инструкциясы:
Капустаны кытырак кылып кантип туздоо керек Капустага кошулган укроп, дайындалмага түс, жаңы чөптүн жытын жана албетте даам берет. Мындай айкалышта витаминдер абдан көп, ошондуктан аны кышы бою жеп чыгуу абдан пайдалуу. Бул учурда алмалар тууралбайт, тоголок бүкүлү бойдон калат. Ошондуктан бул ыкма тез туздаганда жардам берет.
Тиешелүү азыктар:
Ыкмасы:
Эгер туздалган капуста өтө эле туздуу болсо акма сууга жууп анан жесе болот. Туздоо үчүн капустанын кеч бышкан сорттору колдонулат, алар туздалганда кытырак жана даамдуу болот. Мынакей достор "капуста туздоо" боюнча макалабыз бүттү. Өзүңөр көргөндөй баары жөнөкөй. Бир гана нерсе салынуучу банкаларды жана алардын капкактарын сөзсүз таза жууп, кайнатып койгула.
Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.