Республикабыздын борбору Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында анын эстелиги орнотулган. Ал айкелден ак пейил, мээрман эненин, көптү көргөн даанышман адамдын жылуу иреңи көрүнөт. Кайназарова Зууракан Сокулук районундагы Жыламыш кыштагында туулган.
Кыргызстандагы колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери, атактуу кызылчачы катары республикабыздын айыл чарбасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Зууракан апабыз эмгек жолун алгач колхозчу болуп иштөөдөн баштап, көп өтпөй эле кызылчачылар звеносун жетектеп, мамлекетке көп түшүм берип турду.
Айрыкча кан күйгөн согуш жылдарында, согуштан кийин да күнү-түнү бел чечпей эмгектенген. Анын звеносу ар гектар дан беш жүз центнерден кант кызылчасын алуу үчүн ал учурда бардык союздук республикалар арасында өткөрүлгөн бүткүл союздук мелдешке катышып, мөрөй алгандардын катарында болду.
Мээнеткеч дыйкандын эмгектик эрдиги жогору бааланып, 1947-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам алды. Бирок андан кийин да ал кызылчанын түшүмүн жогорулатуу үчүн талбай иштеп, 1957-жылы экинчи ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Зууракан Кайназарованын эмгектик эрдиги - азыр да дыйкандарга сабак, жаш муундарга үлгү.