TYUP.NET
Баш барак | Биографиялар | Иманов Энгель

Иманов Энгель

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Иманов Энгель(1934-жылы туулган, Ысык-Көл району, Ананьев айылы) - ветеринар, ветеринария илимдеринин доктору (1990), Кыргыз Республиканын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн (1957). 1957-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын биохимия жана физиология институтунун молекулалык генетика вирустук препараттар лабораториясында аспирант, кенже, улук илимий кызматкер, 1978-жылдан лаборатория башчысы. И. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 ойлоп табуунун жана патенттик грамотанын (Франция, Жаңы Зеландия, Австралия) автору. Идун илимий эмгектери кой чарбасында колдонулуучу вакцина (эктима) препаратын иштеп чыгарууга арналган. «Ветеринардык препараттардын справочниги» (1990), «Орфа вирусунун биологиясы жана биотехнологиясы» (1993) монографиясы жана башкалар брошюралары англис, француз, испан, араб жана башкалар тилдерде авторлош жарык көргөн. «СССРдин ойлоп табуучусу» наамынын ээси. Медалдар менен сыйланган.

Көрүүлөр: 905
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.