Иманалиев Шадыкан(1907, Жайыл району, Сары-Булак айылы -1990, Бишкек ш.) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1929-жылдан КПСС мүчөсү. 1921—25-жылы Бишкек шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1925—27-жылы Калинин шаарындагы (Россия) Фабрика-завод окуу жайында, 1930—31-жылы ВКП(б) БКнын алдындагы партиялык-комсомолдук кызматкерлерди кайра даярдоочу курста окуган. 1927—30-жылы Ош, Жалал-Абад облустарында, Ташкен шаарында комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген. 1931—44-жылы Кыргызстан КПнын Лейлек, Ысык-Көл, Чоң-Алай, Үч-Коргон райондук комитеттеринин биринчи катчысы, Кыргызстан КП(б) БКнын советтик-соода бөлүмүнүн башчысы.

1944жылдан Ош облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1945-жылдан Кыргызстан КП(б)нын Тянь-Шань, 1947—52-жылы Ысык-Көл облустук комитеттеринин биринчи катчысы болуп иштеген. 1952—53-жылы Кыргызстан КП(б) БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысына орун басар. 1953-жылдан Фрунзе облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1959—61-жылы Кыргыз Республиканын эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн директору.

1961—65-жылы Республиканын эт-сүт өнөр жай башкармасында жетектөөчү кызматтарда иштеген. И. 2 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Иманалиев Шадыкан


(1907, Жайыл району, Сары-Булак айылы -1990, Бишкек ш.) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1929-жылдан КПСС мүчөсү. 1921—25-жылы Бишкек шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1925—27-жылы Калинин шаарындагы (Россия) Фабрика-завод окуу жайында, 1930—31-жылы ВКП(б) БКнын алдындагы партиялык-комсомолдук кызматкерлерди кайра даярдоочу курста окуган. 1927—30-жылы Ош, Жалал-Абад облустарында, Ташкен шаарында комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген. 1931—44-жылы Кыргызстан КПнын Лейлек, Ысык-Көл, Чоң-Алай, Үч-Коргон райондук комитеттеринин биринчи катчысы, Кыргызстан КП(б) БКнын советтик-соода бөлүмүнүн башчысы. 1944жылдан Ош облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1945-жылдан Кыргызстан КП(б)нын Тянь-Шань, 1947—52-жылы Ысык-Көл облустук комитеттеринин биринчи катчысы болуп иштеген. 1952—53-жылы Кыргызстан КП(б)…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 491, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27