Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ичти кантип киргизиш керек

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Ичти кантип киргизиш керек

Көптөгөн сыпайлуу кыздарды карап отуруп, төрөттөн кийинки пайда болгон курсагымды жок кылууну чечтим. "Ичти кантип киргизиш керек" албетте, диетологко барып бир сыйра кенешип келип, 2 жумада ичти тартуунунун жалпы ыкмасын үйрөндүм. Азыр силер менен бөлүшүп, баарын төкпөй чачпай айтып берем.

Ичти тартуу демек организмдеги шлактардан арылуу
Курсактын татынакай жана тартылып туруусун каалайсыңбы? анда ичегини тазалоо керек. Көрсө ичегилерде убакыттын өтүшү менен ар кандай шлактар чогулуп кетет экен дагы, алар разложение болуп организмге түрдүү уу заттарды бөлүп чыгара баштайт экен. Организмди кантип тазалаш керек деп врачтан сурасам, албетте клизма жасоону сунуш кылды. Врачтарды билесиңер да, дароо эле натыйжалуу жана өтө жага бербеген ыкманы сунуштайт эмеспи. Ичти тартууну каалайсызбы, эч бир жийиркенбестен клизма жасоо керек дейт эжекебиз. 1,5-2 литр жетиштүү дейт.

Ичти тартуудагы спорт
"Ичти кантип киргизиш керек" деген суроого спорт абдан жакшы көмөкчү. Эгер сиз фитнес-борборлордо машыгууну кааласаңыз, суу менен байланыштуу спортту тандоо жакшы - аэробика же сууда сүзүү. Үй шартында болсо эки гана машыгуу жардам берет. Бул машыгуулар баарына белгилүү, пресс машышуусу жана обручта ойноо. Обручту айлантуу белдин булчуңдарын жылытып, кан айланууну дароо тездедет, натыйжада бел булчундарынын жана теридеги зат алмашуу процессинин жакшы жүрүшү. Пресс машыгуусун эркектердей жасоонун зарылдыгы жок, бир машыгууда 15-20 кайталоо жасоо жетиштүү, ошентип күнүнө 3 машыгуу.

> [ushka=seredina]

Диеталар
Эгер мыкты тартылган курсактын ээси болгунуз келсе, туура тамактануусуз натыйжага жетүү кыйын. Клетчаткага бай болгон азык-түлүктөрдү көп пайдалануу сунушталат. Клетчатка дагы организмди тазалоого жардамын көрсөтүп, ашыкча майлардан арылууга жакшы каражат. Клетчатканы көп камтыган азыктар, булар жер-жемиштер, мөмө-жемиштер көбүнчө чийки түрүндө.

Дагы кандай ыкмалар бар?
Дагы башка ыкмалары барбы? албетте бар! Булар - ванналар, баткак ванналары, жана массаж. Булардын бардыгы белдин айланасындагы майлардын жоголуусуна жана бел булчундарынын тонуста болуусуна шарт түзөт. Айтмакчы, ушул эле ыкмаларды дененин башка аймактарына дагы колдонсо болот.

Кортунду
Айтылган ыкмаларды эки жума карманып койсонуз, көзгө көрүнөөрлүк натыйжа күттүрбөйт. Бардыгы өзүбүздүн колубузда, мен дагы ушул ыкмаларды колдоюн деген оюм бар. Силер менен "Ичти кантип киргизиш керек" деген көйгөйгө жардамын берүүчү жалпы маалыматтар ушундай болду. Диетолог Жамал эжеге рахмат. Ден-соолукта болунуз.

[ushka=pohudenie]
Жайгаштыруу: 2017-08-29, Көрүүлөр: 12255, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-25
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу