Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ибраев Бообек

Баш барак | Биографиялар | Ибраев Бообек

Ибраев Бообек(1935-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу айылы) - режиссёр-коюучу, Кыргыз Республиканын эл артисти, Кыргыз Республиканын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1985). Ташкендеги айыл Н. Островский атындагы театр жана сүрөт институтунун режиссёрлук факультетин бүтүргөн (1961).1961—62-жылы Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук кыргыз драма театрында, 1963—71-жылы Тянь-Шань облустук музыкалык драма теагрында, 1971—81-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1981-82-жылы Ош облустук өзбек музыкалык драма театрында, 1982—87-жылы Ысык-Көл облустук К. Жантөшев атындагы кыргыз драма театрында башкы режиссёр. 1987жылдан Кыргыз мамлекеттик улуттук - академиялык драма театрында режиссёркоюучу. Режиссёр-коюучу катары К. Жантөшевдин «Курманбек», «Чокмор», Ч Агаматовдун «Кызыл жоолук жалжалым», «Жамыйла», Б. Жакиевдин «Алтын аяк», «Миң кыял», «Күттүргөн жаз да келээр», жылы Турусбековдун «Ажал ордуна», жылы Бөкөнбаевдин «Алтьш кыз», айыл Макаеноктун «Левиндун аялы асман жолунда», «Трибунал», Вс. Вишневскийдин «Оптимисттик трагедия», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», «Абийир кечирбейт» («Сүйүү жана достук»), «Жоробайдын жоруктары», В. Шекспирдин «Ромео менен Жульетта», М. Каримдин «Ай тутулган түндө», айыл Тажибаевдин «Поргрет», Н. Байгемировдун «Уркуя», М. Байжиевдин «Байыркы жомок», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», жылы Садыковдун «Айкөл Манас», «Сейтек», К. Мамбетакуновдун «Омар Хаямдын махабаты», М. Касеновдун «Алда жаш жубайлар ай!», Анардын «Илинчээк», айыл Цагарелинин «Ханума» жана башкалар көптөгөн драмалык чыгармаларды койгон. И. сахнанын улуу реформатору К. С. Станиславскийдин системасын чыгармачылык ишинде кеңири колдонуп, өзүн режиссёр-коюучу гана эмес, режиссёр-педагог, режиссёр-уюнггуруучу катары да көргөздү. Драматургиялык негизге өтө аяр, автордун чыгармасына чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, кандай гана пьеса болбосун 1-кезекте сахнага адабий оригиналдын өзгөчөлүгүн сактоо менен, козгогон маселелеринин жыйындысын алып чыгууга далалат кылат. Кыргыздын улуттук сахна маданиятынын тарыхында И. 20-кылымдын новатор-драматургу Б. Брехттин драматургиясын 1-болуп сахналапггырган («Өлөрман эне жана анын балдары»).

И. чыгармачылык эксперимент жасап, Брехттин драматургиясына (анын системасы менен К. С. Станиславскийдин системасы бири-биринен принциптүү айырмаланат) Станиславскийдин системасын пайдаланган. Ал М. Рыскулов атындагы сыйлыктын (1989) ээси. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1024, Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу