Созу А Урбаеедики
Обону Т. Эшпаевдики
Гул болсон сан гулдордун арасынан,
Бал аары болуп озум издейинчи.
Кайылмын уйурумо кайтпай калсам,
Жытынды кумарланып искейинчи.
Болсон сен азыркынын перизаты,
Карегим талса дагы тиктейинчи.
Чанкаган талаа болсон эгер балким,
Суу болуп чырайына чыгарайын,
Озумду аябастан коротоюн,
Озумду озон болуп сугарайын.
Омурдо бир озуно жетсем болду,
Муроктун омур суусун мен бурайын.
Алыскы аркы жээкте маяк болсон,
Азапты толкун жиреп умтулайын.
Асманда танкы жанган чолпон болсон,
Анда дагы жетсем деп кол сунайын.
Макулмун бир озуно жетсем болду,
Мансаптуу байгеден да утулайын.
Тун болсон жарыктыкты энсебейин,
Кун болсон ысыгына кактанайын.
Гул болсон адам жеткис чокуларда,
Азапка даяр туруп мен барайын.
Кыл болсон адам черткис журоктордон,
Унумдон-издеп журуп мен табайын.
Куу болсон адам черткис журоктордо,
Унумдон издеп журуп мен табайын.
Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.