Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эсенкожоев Кусейин (1920-1944)

Баш барак | Биографиялар | Эсенкожоев Кусейин (1920-1944)

Кыргыздын туңгуч балдар жазуучусу Кусейин Эсенкожоев Жети өгүз районунун Ичке булуң айлында төрөлгөн. Ал ата-энесинен алты-жети жаш курагында жетим калып, таякесинин багуусунда калат. Таякесинин үй-бүлөсү билимге баа берип, умтулган адамдардан болушу анын эртелеп билим алышына таасир тийгизген.

Кийин Бишкектеги педагогикалык техникумда окуп жүргөндө алгачкы ырларын жаза баштаган. Ал ырларында жаңыдан көз ачыла баштаган кыргыз эли, алардын жаңы турмушу өзүн толкундаткандыгы жөнүндө жазат. Кусейинди бала кезден эле табигаттын кооздугу суктанткан. Анын ар түрдүү көркөм көрүнүштөрү жөнүндө да ырлары бар.

Кийин ал фантастикалык чыгармаларга көбүрөөк кызыгып окуп, ушундай чыгармаларды жазууга дилгирленет. Ушинтип кыргыз адабиятында Кусейин адабий-фантастикалык жанрга жол ачып, Үчүнчү шар, Саякатчы бала, Родинанын уулу деген чыгармаларын жазат. Бул чыгармаларында окуучу баланын көптөгөн кызыктуу саякаттары баяндалат.

Азыркы учурдагыдай техниканын дүркүрөп өсүшү болбосо дагы, баланын кыялындагы түрдүү күтүлбөгөн окуялар, жаратылыштын жомоктогудай сулуулугу өзгөчө баяндалат. Улуу Атпа Мекендик согуш мезгилинде биринчилерден болуп Мекенди душмандардан коргоо үчүн аттанат. Андан бир аз эле мурун Мекен алдында эр жигиттин парзы жөнүндө ал мындай деп жазган экен:

Эгерде эртеңки күнү согуш болсо,

Дүйнөнү жалын каптап шамал соксо.

Өлкөнү коргоо үчүн биз даярбыз,

Жаш тилек, баатыр жүрөк аман болсо.

Душмандар менен каармандарча салгылашууга катышуу менен бирге ал ыр жазуусун улантып согуш тууралуу, баатыр жоокерлер, эл-жер, Мекен жөнүндө жазган. Ал жөнүндө аны менен бирге согушта болгон жоокер жолдошу: Ал каарман жоокер гана болбостон, жалын жүрөк акын да болгон - деп жазат.

Кусейин 1944-жылы согушта курман болгон. Кыргыздын балдар адабиятында фантастика багытын түзүүгө биринчи болуп жол салган жалын жоокер Кусейин агайыбызды дайыма эскерип жүрүүгө милдеттүүбүз.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 6340, Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо