Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жана текечер

Баш барак | Гороскоп | Эгиздер жана текечер

Кайчы, түйшүктүү жана ошол эле убакта жемиштүү айкалыш. Булардын никеси, качан түгөйлөрдү биргелешкен иш бириктирип турганда гана сакталышы мүмкүн, анткени, терең жан-дүйнөлүк окшоштуктар бул түгөйдө аз.



Эгиздер - тез жана туруксуз, Текечерлер болсо жоош жана өлчөмдүү көрүнөт. Эгиздер баарлашуусуз тура албайт, Текечерлер болсо өзүлөрүнө гана ишенет. Текечерлер акыл-эс деңгээлинде да, сокур-эс деңгээлинде да эптүү жана туруктуу. Алар өзүлөрүнүн жан-дүйнө талгактарын, ар кандай живопистерди чогултуу менен кандырат, меценат болушат же өзүлөрү сүрөт тартышат, кээ бирөөлөрү драматург болушат же актерлукка барышат. Текечерлер жер үстүндө бекем турушат.



Текечерлердин кежирлиги, эгиздердин жеңилдиги менен оор айкалышат, бирок, булар дагы көп нерселерге үйрөнө алышат. Эгиздер Текечелерди зээриктирбейт жана меланхолияга чөктүрбөйт, Текечелер болсо Эгиздердин жеңил ойлуу болуусуна тоскоолдук жаратып, аларга стратегиялык багытты көрсөтөт.



Учуу алдында эгиздерге эс алуу зарыл, ал эми олуттуу, боорукер жана сылык Текечерлер эмоционалдык коопсуздукка бекем жана рационалдуу негизди өзүнө жана башкаларга түзө алат.



Эгиздер Текечерлерге литература, музыка жана искусство жаатында көптөгөн маалыматтарды бере алат. Мындай жандуу, ниети ак, эффективдүү адамдын жанында жүрүү текечерлерге жагымдуу болот.



Эгиздерге түгөйүнүн акылдуулугу, жашоодогу пландарын ишке ашырууга умтулуусу абдан жагат. Кээде эгиздер Текечелердин өзүн эмес, алардын жетишкендиктерин көбүрөөк жактырат. Текечерлердин эгиздерге болгон сүйүүсүндө терең жана түшүнүксүз сезимдер көп, ал эми эгиздер болсо жеңил, түшүнүктүү жана моралдык эрдиктерге байланбаган мамилелерди каалайт. Бирок аздыр-көптүр эгиздер андайлардын артынан издөөгө чыгышы мүмкүн.



Кандай гана биримдик болбосун, Текечерлердин мамилелеринин маанилүү жагы анын өнөктөшүнүн үй-бүлөөгө болгон мамилеси болот. Текечелер үчүн үй-бүлөө бул - ата-эне гана эмес, чон-ата, чон эне, ага-ини, жене-жезде жана башкалар. Эгиздер болсо үй-бүлөөсүнө көп байланбайт, ошондуктан өнөктөшүнүн тууган-туушкандарынын дайыма анын айланасында жүргөнү эгиздерге жага бербейт.



Ал эми акча жаатында, эки түгөй тең тынчсыздануу менен мамиле кылат. Бирок, эгиздер үчүн, акча, коротуу үчүн гана керек, Текечер болсо аларды өз социалдык абалынын эмоциалык гаранты катары колдонуп, короткондон көрө, сактаганды жакшы көрөт.



Ал эми бул никенин интимдик жагын карасак, бул жерде каалоо-тилектерин инстинкт деңгээлинде түшүнүү менен экөө тең бири-бирин таң калтырат, анткени Текечер да, Эгиздер да сексуалдык жакындыктан комфортту жана эс алууну күтөт.



Бул түгөйлөрдүн никесин жеңил дегенге болбойт, бирок экөөнүн акыл-эсине себептүү болуп, бул адамдар бири-бирин угуп жана түшүнө алат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1236, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо