Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чолпонбай Түлөбердиев (1922-1942)

Баш барак | Биографиялар | Чолпонбай Түлөбердиев (1922-1942)

Россиядагы Воронеж областынын Селявный кыштагындагы Таскыл дөңсөөсүндө эстелик бар. Ал жерде кыргыздын баатыр уулу Чолпонбай Түлөбердиевдин сөөгү жатат. Чолпонбай азыркы Карабуура районундагы Чымкент кыштагында туулуп-өскөн, айылдык жөнөкөй бала болгон. Бала кезинен эмгектенип, мээнеткеч эле.

Агаларына кошулуп жер айдап, түшүм жыйнаган. Отун алып, от жаккан. Карылардын кебин тыңшап, жомогун кызыгып уккан, сабашка балдардай эле үйрөнгөн ырларын үн созо ырдаган. Манас ата жердеген Таластын бир бурчунда бой тартып өсүп келе жаткан.

Элдин башына кара түн түшүп, батыштан согуш оту тутанат. Кара таандай каптаган жоо жерибизди тепсеп кирип келет. Эр-азаматтар эл-жерин коргоого түп көтөрүлө аттанганда алардын ичинде Чолпонбай да бар эле. 1942-жылдын 5-августу. Чолпонбайлар ээлеген жер Дондун берки өйүзүндө эле. Аркы өйүздө Селявный кыштагы.

Фашисттер ал жердеги 100-120 м бийиктеги Таскыл дөңсөөсүнө бекем орношуп алышкан. Бийик дөңсөөгө куралдарын жайгаштырышып, советтик жоокерлердиң жолун тороп, өткөрбөй турушкан. Ошол күнү жогору жактан: Селявный кыштагын кандай да болбосун ээлегиле. Душманды жок кылгыла деген буйрук келет.

Аны аткаруу үчүн Чолпонбай он жоокер менен Дондун батыш жээгине сүзүп чыгышат. Фашисттердин дөңсөөдө орнотулган дзоту тынбай аткылап, советтик жоокерлерди алга жылдырбайт. Бир гана арга - дзотту талкалоо керек. Башка арга жок. Ансыз кыштакты ээлөөгө мүмкүн эмес эле.

Ошондо Чолпонбай адамдын оюна келбеген эрдик жасайт. Ал тынбай аткылап жаткан душман дзотуна өтө кыйынчылык менен өнүп отуруп жетип, өзү жарадар болгонуна карабай, ага бир нече гранат ыргытат. Дзот талкаланбайт. Ошондо ал денеси менен дзоттун амбразурасын жапкан. Чабуулга жол ачылып, советтик жоокерлер Селявный кыштагын ээлеген. Бул чексиз эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Бул эрдик - Мекенин, элин бекем сүйүүдөн жаралган тендеши жок эрдик эле.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 10681, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу