Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Букачар жана бөйөн

Баш барак | Гороскоп | Букачар жана бөйөн

Букачарлар жана Бөйөндөр бири-бирине эң жакшы айкалышып, бекем үй-бүлөө жана жылуу достук мамилелерди түзүүгө мүмкүндүктөру бар. Бөйөндөрдү Букачарлардын укмуштай берилгендиги, ошондой эле айланасында жылуу жана тынчтык атмосферасын түзө билгендиги суктандырат. Букачарларга болсо Бөйөндөрдүн эң жакшы ишмердик сапаттары, жана ошону менен бирге уй-жайга жана романтикага болгон сүйүүсү жагат. Мындай тандемде, бул эки зодиак белгиси эң жакшы үй-бүлөө куруп, мыкты балдарды тарбиялоого мүмкүндүктөрү бар.



Жан дүйнөсү боюнча Букачар жана Бөйөн түгөйүнүн өз ара мамилелери ага-карындаш сыяктуу болуп кетет. Булар эң жакшы шериктеш да боло алышат, анткени бири-бирин сөзү жок эле түшүно алат. Мындай үй-бүлөөдөгү чыр-чатактын жалгыз себеби бул - тымызын таарынычтар болот, жана бул таарынычтар толуп отуруп, ташкындаганда негативдүү эмоциялардын жана уруш-талаштар чыгат.



Бири-бирине дайыма жакшылык кылуунун фонунда түшүнбөстүктөр жана ишенимсиздиктер өрчүп кетиши мүмкүн. Мисалы, өнөктөшүнө эң жакшыны каалоо менен эмгекти жакшы көргөн Бөйөндөр көп убакытын жумушта өткөрөт. Букачарлар болсо өзүн жалгыз сезбеш үчүн өзүнө жаңы иш табып, жаңы майданда толук өнүгө баштайт. Муну көргөн Бөйөндөр өз күчүнө күмөндөр болуп, эмнени туура эмес жасап алганын анализдей баштайт. Эмне үчүн Букачарга Бөйөндөрдүн алып келгени жетишсиз? Санаа тартып, Бөйөндөр Букачарларды үй-бүлөөгө тартууну аракет кылат, бирок Букачарлардын кайтып келүүгө каалоосу жок болот. Букачар өз ишин жакшы көрөт, жана өзгөрүүнү каалабайт. Ушундай кырдаалдар бул түгөйлөрдү ажырашууга алып келиши мүмкүн. Ошондой болсо да, Бөйөндөр көп учурда жол берет. Бирок эгер түгөйлөрдө мамилелер түзүлбөй, ажырашып кетсе да, сүйлөшүп, мамилелерин улантып, үй-бүлөөлөрү менен катышып, оор кырдаалдарда бири-бирине жардам беришет.



Эгер Букачарлар менен Бөйөндөр биричи орунга карьераны эмес, үй-бүлөөнү коюшса, анда бул түгөй абдан бекем болот. Жана булардын үйү дайыма наристенин күлкүсүнө жана сүйүүго толгон болот. Бул сүйүшкөндөрдүн биримдиги абдан сезимталдуу болуп, зээригүү жана кайгыруу буларды айланып өтөт. Булар бири-бирин сүйүп, санаа тартып, кызганып, суктанып жана кызыгууларды жаратат. Акыр-аягы булар сөзсүз бактылуу болушат.



Сүйүүдө Бөйөндөр кичине активдүүрөөк болот. Инициативаны колуна алып, бир нече сезим боёктору түгөйдүн жашоосуна ар түрдүүлүктү алып келет. Букачар болсо инициативаны колдоп, Бөйөндөр менен бирге кадам шилтеп, жашоосунун аягына чейин жанында болот.



Букачарлар бекем жана ишеничтүү, Бөйөндөр - чынчыл жана ыкылас. Бул түгөйлөр өз ара түшүнүүлөрдү жана үй-бүлөөлүк жайлуулукту түзүп, бири-бирин укмуштай толуктап турат. Эң башкысы үй-бүлөөнүн материалдык камкордугу карьералык кызыгууга айланып кетпеши зарыл, анткени мындай учурда, үй-бүлөө арткы планга өтүп, а бул болсо ажырашууга алып келет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1317, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо