Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жана арстан

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн жана арстан

Бул биримдик конфликтүү биримдик. Жана бул жерде карама-каршылыктардын күрөшүн байкап, бирөөсүнүн толук жеңүүсүн, экинчисинин толук четке кагылганына күбө болосунар. Бул түгөйлөрдүн жашоого болгон көз карашы бири-бириникине таптакыр окшошпойт, жалпы жагынан бул айкалыш ийгиликсиз, ошондуктан жашоодо да мындай түгөйлөргө мисалдар аз.



Таанышуу мезгилинде экөө тең чоң романтикалуу кызыгуучулук жана өз ара суктануу сезимдерин сезишет, ошондуктан келечекте канчалык тиричилик түйшүктөрүндө аз болушса, ошончо узак убакытка биримдик сакталат.



Арстандар - кубаттуулук жана иш-аракет, Бөйөндөр болсо сезимдер жана айкалышуулар, Бөйөндөр үйдө отурганды жакшы көрүшөт, ал эми Арстандар ак сөөк жашоосуз өзүн элестете албайт. Арстандар Бөйөндөрдү кысымга алат, ал эми Бөйөндөр болсо же баш иет, же каршы чыгат. Бир жагынан, Арстандар өзүнүн күч-кубаты жана өзүнө болгон ишеничи менен түгөйүнүн кызыгуусун жаратат, ошондоуктан мындай түгөйдө Арстандар - мырза болуп, ал эми Бөйөндөр - айым болгон учурда мамилелер жакшыраак болот.



Арстандар үчүн сезимдер бул - иш-аракетке шылтоо жана импульс. Ошондуктан, сезгич Бөйөндөр Арстандардын мотивин дайыма түшүнө билет. Ал эми Арстандар болсо категориялуу болуп кийиз өтүктөй жөнөкөй болот, ошондуктан аларга Бөйөндөрдү түшүнүү оор.



Бул мамилелерде Арстандар үчүн тоскоолдуктар жана чектөөлөр көп, мүдөөлүк иштер экөөнө тең бирдей, бирок кадырынан жана наркынан арылган Арстан, жана агрессивдүү эрдемсинген, жумшактыкты унуткан Бөйөндөрдөн жаман адам жок.



Арстандардын жашоо түрү, адамдардын канча тентүш-досу болушу керек экенине, жана адамдын нормалдуу активдүүлүгү кандай болуусуна Бөйөндөрдүн көз карашын таптакыр өзгөртөт. Бирок Арстандарга түгөйүнүн да өз умтулуулары бар экенине көнүүгө оор болот.



Бул экөөнү финансы маселеси сөзсүз түрдө бет-мандай кездештирет. Бөйөндөр Арстандардын жоомарттыгын ашыкча чыгымдуулук катары кабыл алып, Арстандар болсо Бөйөндөрдү сараң деп ойлойт. Эгер булар ар бири өз тапкандарын өзүлөрү чыгымдаса, анда баары жакшы, ал эми эгер, Арстандар Бөйөндөрдүн тапканын корото баштаса, анда кырсыкты күтө бергиле.



Ошондуктан мындай түгөйдө ролдордун катуу бөлүштүрүү абдан зарыл. Эрежелерди пикирлешип жана бекитип алуу зарыл, жана эң башкысы ал эрежелердин чегинен чыкпай аткаруу керек. Үй-бүлөөдө тынчтык болуу үчүн, Бөйөндөр өз учурунда унчукпай калууну үйрөнүп, эгер Арстандар куюн-чапкын боло баштаса дайыма аны мактап жана ага суктана билүүнү үйрөнүп алуу абзель.



Бөйөндөр - айым, Арстандар - мырза. Бөйөндөр энедей камкордуу, аял сапаттуу жана түгөйүнүн ойлорун алдын ала билүү керек болот. Булар эч качан баш ийбегендигин ачык көрсөтпөйт, бирок убакыттын өтүшү менен булардын жан-дүйнөсүндө кандайдыр бир сыр бар экенин жана ал сырды түгөйүнө эч качан айтпастыгын Арстандар түшүнөт.



Арстандар - айым, Бөйөндөр - мырза. Бөйөндөр түгөйүнүн жок дегенде бир кичинекей тармак болсо да, башкарып туруусу керектигине даяр болушу зарыл. Антпесе, Арстан - айым, Бөйөндөрдү башкарууга аракет жасай баштайт. Ошондуктан Арстан-айымдын карьерасына жардам берип, же үй-бүлөөдө бөлүшпөс бийлик менен башкарууга жол берүү зарыл болот.



Күндүн(аталык) жана Айдын(энелик) айкалышуу таасири алдында, бул эки зодиак белгисинлеги адамдар, нике мамилелери кандай гана болбосун, көп учурда өз балдарына мыкты ата-эне болушат.



Булар бири-бирин көптөгөн нерселерге үйрөтүшү мүмкүн. Анын ичинде, никедеги эң башкы искусство - чыдамдуулук. Ал эми эгер, булар компромисске барууну каалабаса, анда булар бири-бирин жөн гана кыйратып салышат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 656, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу