Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн мырзалар

Мырза Бөйөндөргө кайрылсак, айтып коюуу керек, Бөйөн-айымдардай эле ар түрдүү болот. Кээ бири токтоо жана ынтымактуу, жөнөкөй жана өз аялдары үчүн ишеничтүү, балдарынын атасы; экинчилери болсо, эрке жана өзүнүн идеалын дайыма изденүүсүндө сүйүүдө бир негиздүү эмес, же жообу жок сүйүүдөн кийин жалгыз болушат. Эгер бирок, Бөйөндөр кимдир бирөөнү сүйүп калса, анда булардын берилгендиги бардык жактан зор болот. Бөйөндөр оңой-олтоң флирттеше алат, бирок олуттуу сезимдерге көп убакка чейин чечими жетпейт, анткени буларга идеалдуу, бардык жагынан төп келген аялды тандоо кыйын. Бирок аны табуу менен, булар ушундай сентименталдуу жана камкордуу, ага болгон сүйүүсү менен суктануучу болуп өзгөрөт. Романтикалуу Ромеонун ролун ойноп, убакыттын өтүшү мамилелер же нике маселесине олуттуу болгон, чечкиндүү Дон Жуанга айланат. Чын эле нике кадамына Бөйөндөр өзгөчө жоомкерчиликтин ченеми менен мамиле жасап, эч качан ойлонбогон кадам жасабайт, анткени ийгиликсиз же туура келбеген биримдик Бөйөндөрдүн жашоосунда драмалуу чекит коюуусу мүмкүн.



Бөйөн-мырзалар өзүнүн чыдамдуулугу жана түшүнүктүүлүгүнө байланыштуу, татыктуу үй-бүлөөчүл боло алат. Ал гана эмес, булардын балдарына болгон назик мамилеси башка адамдардын таң калуусун жаратышы мүмкүн. Бирок келечекте балдардын дайыма жанында болуу каалоолору менен жаралуучу оорчулуктарды алып салуу да болбойт.



Булардын жүрөктүү сентименталдуулугунан Бөйөн-мырзаларда көп учурда өзүлөрүнө кооптонуу сезими болушу мүмкүн. Мындай учурда, булар бир нече убакка чейин, өз сезимдерин жана ойлорун казып коруу максатында кулпуланып алышы мүмкүн. Өзүлөрүнүн начар маанайын, айланасындагыларга, өзгөчө жакын жана сүйүктүү адамдарына жугузганды да билет. Бирок, көз алдында күндүн кулагы чыгаары менен, булардын тегерегинин баары күн нурундай жаркырай баштайт. Качан буларга коркунуч кол салганда, жинди сыяктуу да сезилиши мүмкүн. Бирок, ал ичинен анын керектүү экендигин сүйгөнүнөн тастыктоолорду талап кылып, балким... жөн эле өз сүйүүсүн жоготуудан коркуусу мүмкүн.



Шартка ылайык, Бөйөн-мырзалар акча тапканды билишет жана бул жаатта аны жакшы жасайт. Бирок ал акчаны татыктуу бир нерсеге коюп, акча чогултканды билишпейт. Бирок акчаны короткондон көрө, акча табып, чөнтөгү толуп, коопсуздук сезимин сезүүнү жактырат. Мындай мырзаларды арам деп айтууга болбойт. Булар татыктуу үнөмдөгөндү билген, эсептүү жеке-ишкерлер. Бир сөз менен айтканда, мындай мырзалар үчүн сапаттуулук менен жыргалдык синоним болуп эсептелет.



Бөйөн-мырзалар балалык кезинен эле өз энеси менен эркелетилип, бойго жеткен кезинде да энесинин канатынын астынан учуп кетүүгө шашылбайт. Булардын сүйгөнүнө энеси менен атаандашпай, тескерисинче, энесинин камкордугунан жакшыраак камкордук көрсөтүүгө аракеттенип, эч качан ал умтулууларды өйдөгө чыгарбай, энесин бийик тутууну үйрөнүп алуу зарыл. Мындай акылман стратегия Бөйөндөрдүн сүйгөнүнө өз канатынын астына тартып алууга жана Бөйөндөрдүн сүйүүсүнө жетүүгө жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 685, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо