TYUP.NET
Баш барак | Биографиялар | Бишкек баатыр

Бишкек баатыр

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Илгери Бишкек деген баатыр жашаптыр. Ал эрки кучтуу, эр журок, балбан баатыр болгондуктан, эл аны урматтап сыйлашкан экен. Ал ар дайым келген жоонун бетинде, жургузулгон согуштун алдында жургондуктон, анын Бишкек деген аты эл оозунда айтылат.



Кийин Бишкек уй-булосу менен Аламудундун Чункурчак деген жерине, азыркы Бишкек шаарынын эски автобекеттин ордуна, кочуп келип, дыйканчылык кылып жашай баштайт. Бишкек олорундо Баймурат, Манаккозу, Манаппай, Жорго, Ырыскул деген беш уулун чакырып алып: — Балдарым! Менин соогумду Аламудун суусунун боюна, кара жолдун тундук жагындагы добого койгула.



Ал жерден жыл бою Анжыян, Ташкент тараптан Токмок менен Ысык-Колду карай тынымсыз журуп турган жургунчулордун карааны мени жалгызсыратпайт. Колунардан келсе бир жылдан кийин кумбоз тургузуп койгула, — деп керээзин айтып дуйнодон кайтат. Балдары атасынын айтканын аткарышат. Бир жыл откондон кийинчирээк Бишкектин беш баласы атасына кумбоз тургузушат.



Кээ бир ал жактан откон адамдар токтоп, куран окушат. Соодагерлер кербен сарай курушуп, чайканалар ачылган. Ар улуттун окулдору отурукташа башташат. «Бишкекте тунодук, Бишкектен жонодук» деп журуп, ал аймак Бишкек деп аталып кетет. Ошентип, жыл откон сайын ал жер чон шаарга айланып. Кийинчирээк Кыргыз республикасынын борбору Бишкек болуп калат.
Көрүүлөр: 5773
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.