Бектенов Зияш


Бектенов Зияш(1911, Түп району, КеңСуу айылы -1994, Бишкек - тилчи, кыргыз филология илимин негиздегендердин бири, адабиятчы, котормочу, жазуучу, «Манас» эпосун алгачкы изилдөөчүлөрдөн. КМУнун ардактуу профессору (1991), Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген мугалими (1991). Борбордук педагогиялык техникумду (1930), пединститутту (1940) бүтүргөн. 1930—31-жылы Сүлүктү районунда (азыркы Баткен - Лейлек) окуу бөлүмүнүн башчысы, 193132-жылы Москвадагы ЦИКтин алдындагы СССР элдеринин борбордук басмаканасынын кыргыз секциясында жооптуу редактордун орун басары, 1932—34-жылы Кыргызмамбаста окуу-методикалык бөлүмдүн башчысы, ошол эле учурда башкы редактор, 1940—41-жылы Караколдогу 2 жылдык мугалимдер институтунда окуу бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз пединститутунда мугалим, «Кыргызмамбаста» улук редактор болуп иштеген. 1942—45-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946—47-жылы СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил жана адабият институтунда «Манас» секторун башкарган. 1960—91-жылы КМУда мугалим, 1970-жылдан доцент. 1992-жылдан ардактуу эс алууда.

Б. 1934-жылдан баштап репрессиянын капшабы менен улам кызматтан алынып, куугунтукталып келген. 1950—55-жылы түрмөдө болгон. Жазган окуу китептеринен кынтык табылып, саясий айып тагылып турган. 1955-жылы толук акталса дагы 1960жылга чейин кызмат берилген эмес. Бдун «Кыргыз адабияты» аттуу орто мектептин 9-классы үчүн хрестоматия-окуу китеби (Т. Байжиев менен бирге жазган) 1949-жылы жарык көрүп, окуучулардын колуна тиери менен кайра жыйналып өрттөлгөн. Б. 1940-жылы «Манастын» 1-бөлүгүнүн сюжетин (С. Орозбаковдун варианты боюнча) прозага айлантып жазып чыккан. Бул согуш жылдарында орус тилине которулган жана орус илим-поздорунун эпос менен таанышуусуна өбөлгө түзгөн.

Тилекке каршы бул китеп да өрттөлүп кеткен. Анын «Менин замандаштарым жөнүндө эскерүү» (1993), «Ачуу-таттуу аралаш» (1992) аттуу китептери ошол мезгилдеги саясий кырдаалды кабарлап турат. «Кыргыз тили» (3—4-класстардын грамматикасы, 1933), «Биздин адабият» (6-кл., 1940), «Эне-тил» (3-кл., авторлош, 1946; 1967), «Кыргыз адабияты» (9-кл., авторлош, 1949, 1993), «Биздин адабият» (5-кл., 1963) окуу китептерин түзгөн. Көпчүлүк окуу китептери байгелүү орундарды ээлеп, турактуу окуу китептерине айланган. Кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча дагы көптөгөн методикалык китептери жарьпска чыккан. Б-дун «Манас» эпосу жөнүндө лекциялары кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып алынган. Манасчылар, анын ичинде С. Каралаев жөнүндө эскерүүлөрдү жазган.

Б. көптөгөн пьесаларды кыргыз тилине которгон. Ал которгон Гальдонинин «Эки мырзанын малайы», Островскийдин «Добулу», Ибраимовдун «Элет кызы», Тренёвдун «Любовь Яроваясы», Хикметтин «Унутулган адамы», Шоунун «Пиллиграмы» жана башкалар көрүүчүлөрдүн сүйүктүү чыгармасына айланган. ошондой эле ал Фадеевдин «Талкалоосун», Гоголдун 1-томун («Диканькага жакын хутордогу кечелер» жана башкалар), Макаренконун «Педагогикалык поэмасын», Ибраимовдун «Терең тамырларын», Соболевдин «Жашыл нурун» жана башкалар окурмандарга жеткиликтүү тил менен тартуулаган.

2016-05-27 337 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27