Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бексултан Жакиев

Баш барак | Биографиялар | Бексултан Жакиев

Бексултан ЖакиевЖакиев Бексултан – 1936-жылдын 16-январында Ысык-көл облусуна караштуу, Тоң районунун, Бөкөнбаев айылында туулган – драматург, кино драматург, 1974-жылы Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, 1993-жылы Кыргыз эл жазуучусу, 1989-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын, 1994-жылы Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын, 1996-жылы Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

1958-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (КМУ) филология факультетин бүтүрүп, 1960-1962-жылдары киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун КММИде окутуучу болуу менен баштап, 1963-1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, 1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, ошондой эле 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси жана директору, 1994-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы.

Жакиев кыргыз элине 1959-жылы чыккан «Атанын тагдыры» аттуу биринчи драмасы менен белгилүү болгон. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган.

Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч көйгөйлүү 1964-жылы «Миң кыял»),1967-жылы «Алтын аяк», 1972-жылы «Өкүм», 1975-жылы «Эртең – жаңы жыл», 1979-жылы «Жолугушуу», 1981-жылы «Күттүргөн жаз да келер», 1982-жылы «Саадак какты», 1989-жылы «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», 1990-жылы «Жаза» жана башка драмалары жарык көргөн.

Ошондой эле новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин («Азамат Алтай» повесть-эссенин автору. Драмалык чыгармалары камтылган, 1965-жылы «Бороондуу жолдо»,1969-жылы «Встреча в городе ветров» жана башка китептери чыккан. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган. Бексултан Жакиевдин кээ бир чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлуп жүрөт.

Бексултан Жакиевдин театр, кино коом жөнүндөгү ой толгоо макалалары гезит-журналдарда жарыяланып турат. Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которгон. «Бексултан Жакиев» 2000–2003-ж. даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынды. Бексултан Жакиев 3-даражадагы Манас ордени, 1997-жылы Даңк),1999-жылы Казакстан Республикасынын «Астана» медалдары менен сыйланган.

2021-жылдын 25-апрелинде казак болгон.

Жайым айтып, жай баракат кеп курсам,
Жаш кезимден кайындарды эш туткам.
Казакендин жары болот көлдүк кыз,
Кайын ага болот, демек Бексултан.

Көлдүк кызга өмүрүмдү байлагам,
Көлгө түшүп, кайыгын да айдагам.
Мен дегенде эшиги ачык көлдүктүн,
Мени билбейт жалгыз ушул кайнагам.

Жанып турган маңдайында жылдызы,
Жарың болду Таласымдын бир кызы.
Тай-тайлашып узак өмүр жолунда,
Тагдырыңа ошол гана буйрусун.

Драманын тишин чагып келесиң,
Ашып алдың алтымыштын белесин.
Аман жүрүп, акыл-эстен кемибей,
Аттап өткүн бир кылымдын сересин.

«Ата тагдыр» беш жүз жолду коюлду,
Арбыта бер акыл толгон оюңду.
Жерибизде өткөзөлү шаң менен,
Жетимиш жыл, сексен жылдык тоюңду.
(Казакбай Абдышев)

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 14911, Өзгөртүлгөн: 2021-04-26, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо