Улуу Токтогулдун шакирти Барпы акын кыргыз элдик поэзиясынын асманындагы балбылдап жанган ири жылдыздарынын бири. Ал 1884-жылы күзүндө Жалал-Абат областынын Сузак районундагы Ачы кыштоосунда кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. Жаш Барпы көргөн-билгенин, көкүрөк менен туйганын ырга айланткан. Байдын малын багууга аргасыз болсо да, бай-манаптын, кожо-молдолордун кылык-жоруктарын бетке айтуудан тартынбаган. Акынга теңдиги жок замандын камчысы көп тийди. Анын тагы жалаң гана жонунда эмес, жүрөгүндө калды. Бири - күлсө, миңи - ыйлайт, акыйкатсыз заманды айт. Барпы букаранын, томаяк менен жетим-жесирлердин коргоочусу, демоор-таянычы катары таанылган. Анын ар бир ырында эзилген калкты жакшылыкка, жарык үмүткө, күрөшкө үндөө бар:
Тозоктуу оор күн кетер,
Теңдик бир күн жарк этер.
Барпы Октябрдын жеңишин кучак жая тосуп алды. Өзгөрүштүн ар бир жаңы нерсеси көзү азиз, бирок көкүрөгү тунук акындын жаркын талантынан ырга айланып турган. Биздин заман, Жаз, Жайлоо, Колхоздо, Кош чыкты деген ырларында жаңы дүйнөнүн тунук асманы, мээримдүү күнү, көк-жашыл мейкин талаасынын элеси көзгө тартылат. Барпы элин, доорун, өлкөсүн терең сүйгөн патриот акын болгон. Фашисттик баскынчыларга каршы жазылган, биздин жоокерлерди эр жүрөктүүлүккө, баатырлыкка үндөгөн бир катар ырлары эч качан маанисин жоготпойт. Акын замандын келечеги - балдарды өтө жакшы көрчү, аларга чоң үмүт артчу. Балдарга насыят, Пионер, Жаштын тилеги, Өскөн элдин балдары, Мектеп жөнүндө ыр, Биз жаштар сыяктуу ырлары буга эң сонун күбө.