TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Барам сага (ыр). Сөзү Э. Ибраев, обону А. Бедияров

Барам сага (ыр). Сөзү Э. Ибраев, обону А. Бедияров

Акыркы оңдоо:

Барам сага (ыр). Сөзү Э. Ибраев, обону А. Бедияров

Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.

Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп жана.
Бар жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.

Жылдыз көккө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.

Кайырма:

Дайра ташып чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.

Кайырма:

Көрүүлөр: 2282
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо