Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балыктар жана эгиздер

Баш барак | Гороскоп | Балыктар жана эгиздер

Мындай түгөйдө адамдар бири-биринен көз карандысыз болуп, мамилелерде өзүлөрү менен өзүлөрү болушат. Бул романтикалык биримдик эмес, келишим жана макулдашуу десек болот. Статистикалык маалыматтарга кайрылсак, нике биримдиги, бекеми аз жана узак мөөнөткө созулбайт. Бул экөөнүн ортосундагы гармонияга жетүү мүмкүнчүлүгү, көптөгөн себептерге ылайык өтө эле аз.



Балыктар сезимдерге жана сезимталдуулукка чоң маани берет, Эгиздерде болсо жеңил ойлуулук жана шамалдуулук көбүрөөк. Булар бири-бирин көп учурда түшүнбөйт, анткени Эгиздер фактылар менен жашап, балыктар болсо ички дүйнөнүн фантазиясы менен жашайт.



Эгиздер жашоону окуялар менен көрүп жана алып барат, Балыктар болсо андайлар менен кыялданат. Эгиздердин сүрөөчүсү интеллект болуп, балыктарды болсо сезими жана жүрөгү башкарат. Балыктар өткөн чакта жана келечекте жашашат, эгиздер болсо азыркы убакта жашайт.



Булардын ортосунда окшоштуктар да бар, эгиздер да, балыктар да жаратылыштын кооздугун курч сезип, искусство менен кумарга батып, поэзия жана музыканы терен түшүнүшөт... Бул жакшы сезимдер экөөнүн бири-бирин табууга көпүрө болушу ыктымал.



Булардын дагы бир окшоштугу, көңүлүн бирөө буруп, көзүнө карап тура албастыгы.



Эгиздердин сүйүүсү балыктар үчүн - жан-дүйнөлүк өзгөрүүлөрдү талап кылуучу, оор текшерүү. Материалдык түйшүктөрдү Балыктар Эгиздерге берет. Бирок, сыртынан башкача көрүнгөнү менен, чындыгында бул адамдар күчтүү жана чыдамдуу келет.



Балыктар мыкты угуучу боло алат, эгиздер болсо, алардын сөздөрүн чын дили менен укканда, абдан кубанычта болушат. Ошондуктан балыктар туруксуз жана чексиз маанайы алмашып туруучу эгиздерге керек экендигин билип, бирөөгө керектүү болуп турганы алар үчүн маанилүү. Эгиздер болсо өнөктөшүнө энелик кам көрүү сезимдерин көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүсү зарыл.



Эгиздер менен Балыктар эч качан ачык болуп, жылуулук жана кызыгууларын билдирбейт, бирок, анын ордуна алар бири-бирине суудай керек болгон эркиндикти тартуулашат. Башкысы, эгиздерге сөзүн уга турган адам керек болуп турганда, балыктардын жанында болуусу зарыл. Практикалык жыйынтыктар жана биргелешкен иш-аракеттер буларга узак мөөнөткө бирге болуусуна жардам берет.



Эгиздер менен Балыктардын табият боюнча жакшы айкалышат деген туура эмес. Тескерисинче, алардын кээ бирлери таптакыр бири-бирине айкалыша албайт. Бирок көп учурда, Балыктар менен Эгиздер ортосунда бактылуу компромисс болушу мүмкүн.



Булардын ар бири өз өнөктөшүнө өзүндө жок нерселерди бере алат, ал үчүн азыраак ойлонуп, көбүрөөк укканды үйрөнүү зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1386, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо