Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балыктар жана бөйөн

Баш барак | Гороскоп | Балыктар жана бөйөн

Бул эки зодиак белгисинин бирдей суу белгисинде болгондугу оңой сезилет. Бирок Балыктардын идеалдары Бөйөндөр үчүн көзгө көрүнбөгөн периште сыяктуу, ал эми Бөйөндөр болсо өзүнүн түйшүктүү жашоосунда эптүүлүгү менен айырмаланат. Ошондуктан булар ар башка деңизде сүзүп жүргөн болот. Суу жана суу айкалышы жакшы, бирок бул дайым айкалышуучулук кепилдигин бербейт. Кээде өнөктөштөрдөн компромиссти талап кылуучу түшүнбөстүктөр чыгып калышы мүмкүн.



Көп учурда, Бөйөн жана Балык никеси ийгиликтүү болот, анткени булар баарыбир бири-бирин башкаларга карганда жакшы түшүнөт.



Балыктар үчүн Бөйөндөр чыгармачылыктын жана сүйүүнүн символу болот. Балыктар алардын наристе-тентектигине ата-энедей мамиле жасайт. Булар абдан сезимталдуу түгөйлөр, жана бул түгөйдүн мамилелери өз ара түшүнүүлөрдө жана мүдөөлүк айкалышта кармалат. Кыскасы, өз ара түшүнүү үчүн кандайдыр бир аракеттер керек, бирок жыйынтыгы чоң бакыт менен сүйүү болот.



Анткени булардын кубанычы жана кайгысы, көз караштары, адаттары жана кызыгуулары жалпы мүнөздө. Андан тышкары, практикалык иш-аракеттерде булар чыныгы шериктештер, коллегалар жана достор. Бул түгөйлөр ролдорду бөлүштүрүп, өзүлөрүнүн чебер сезимталдуулугуна көңүл бурбай, кызыгуулары менен бирдей курмандыктарга барат.



Жана бул курмандыктар бекеринен эмес - ал гана эмес Бөйөндөр Балыктарга акча эквивалентинде канча алып келээрин көрсөтүүгө жетишет. Бул өнөктөштөр карьера курууда жана коомдогу ийгиликке жетүүдө акыл-эс менен кадам жасайт. Албетте, Бөйөндөр оорураак тармакты өзүнө алат, бирок Балыктар да бул жаатта жалкоолукту көрсөтпөйт.



Балыктар ченемдерге баш ийбеген чыныгы сезимдердин агып келүүсүн жана агып кетүүсүн көрсөтөт. Бөйөндөрдүн маанайынын өзгөрүүлөрү ай фазасына көз каранды.



Бул никеде ысык, чыныгы жана драматикалык эмоциялар жана сезимдер абдан көп. Булар өмүрү өткөнгө чейин сүйүүгө ант берет да, сүйүүсүн жаркырата башка бирөөлөргө алмаштыра берет. Булар иррационалдуу жана логикасыз келет. Ошондой эле буларда кызгануулар, жек көрүүлөр, таарынычтар жана алоолонгондуктар да бар. Булар айланасындагыларга такыр түшүнүксүз. Бирок мындай мамилелер такыр болбосо, анда "Анна Каренина" сыяктуу чыгармалар эч качан жаралмак эмес.



Кыскасы, сезимдер мөлтүлдөп, төгүлүп кетчүдөй болуп толуп турат. Бирок "Сүйүү келет дагы кайра кетет, ал эми курсак ачкан сезимдер, дайыма болот". Качан бул эки суу белгисиндеги адамдар ортосунда акча маселеси жаралганда, мамилелерде сөзсүз түрдө толкундар пайда болот. Балыктар акчаны өкүнүчтүү кутула албастык деп ойлойт, булар сейрек үнөмдүү болуп, жана бул ишти чыгармачылыксыз иш деп эсептейт. Ал гана эмес акча бул - проза! Жана тескерисинче, аярлык жана этияттык бул - Бөйөндөрдүн девизи. Ал муну аярсыз жана жоомарт Балыктарга түшүндүрүүгө аракет жасайт, бирок, өтө ийгиликсиз.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 722, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу