Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балыктар жана балыктар

Баш барак | Гороскоп | Балыктар жана балыктар

Бул түгөйлөр үчүн мамилелердин маанилүүсүн жалпы кызыгууларга караганда, жалпы сезимдер алмаштырат.



Үйдөгү болгон материалдык жайлуулуктар толук бойдон мүдөөлүк никенин бекемдигин аныктайт. Жашоо керемет жана кызыктуу, эгер андайлар болсо. Эгер болбосо, анда буларды душман дүйнө бардык жагынан куурчап алат. Балыктар жылытып алган ордун калтырып абдан зарыл болгон нанына акча табууну каалабайт, жана мындай учурда биримдиктин бекемдиги бошоңдой баштайт.



Күчтүү эрк - бул Балыктардын күчтүү жагы эмес, жана өз иш-аракеттеринде жооп берүү абдан маанилүү, мындай конклав кандай гана иш болбосун абдан тереңдеп кетиши мүмкүн. Диапазондор бирдиктүү мүдөөлүк практикадан баштап, биргелешкен жаман адаттарга чейин болуп, чексиз болушу мүмкүн. Баарысы жакшы болот деген биргелешкен кыялдары бул жакшы, бирок башкысы, аны ишке ашыруу да керек.



Балыктардын фаталдуулугу жашоого сый көз карашта болууга жардам берет, ал эми өзүнө жана түгөйүнө ырайымдуулук менен мамиле жасатат. Буларга жашоодо таяныч гана жетишпейт. Бул гармониялуу, бирок туруксуз түгөй. Ошондой эле булардын бирөөсүнө үй-бүлөөдөгү жоопкерчиликти өз мойнуна алуу зарыл болот.



Өз биримдигин булар өз ара боорукердикке, санаалаштыкка жана кечире билүү мүмкүнчүлүгү, табигый жумшактыгы жана сезимталдуулугу аркылуу сакташат. Албетте, бул экөөнүн ортосунда уруш-талаштар да болот, бирок башка зодиак белгисиндегилерге салыштырмалуу жеңил болот. Булар өз ара, өз таарынычтарын күчөтүүгө ийимдуу болбой, күрөшкөндүн ордуна, четтеп кетүүгө аракет кылат.



Коомдун көңүлүн жактырбай, атак-даңкка сейрек умтулушат. Мындай момундук жакшы, бирок, эгер түгөйдө мындайлар эки эсе болсо, Балыктар активдүүлүккө ынтаасын жоготуп коюшу мүмкүн.



Балыктар өз сезимдерин ачык көрсөткөндү жактырышпайт, анын ичинде камкордук, сыйлоо жана сүйүү. Бул экөөнүн ортосунда пайда болгон сезимдер өз ара бирдей болуп, экстрасенсордук деңгээлде эле сезилет, ал эми реалдуулукта сейрек. Мындай салкындык башкалар тарабынан Балыктарга кыжырланууну жаратат, бирок муну алар сейрек сезет.



Балыктар куру-намыс менен башы оорубай, периштелик сүйүү жана ырайымдуу болуу талантына ээ.



Балыктар ортосундагы физикалык жакындык таза, жаңы, мистикага жана романтикага толуп, ченемсиз берилгендик жана талаптуулук сейрек кездешет. Ар түн сайын буларга сүйүүнүн вулканы кереги жок, анткени булар сүйүүгө кетүү менен шашылган, чаржайыт дүйнөдөн кичине болсо да арылат.



Эки Балыктын никесинде сөзсүз түрдө мүнөздөрдүн оң жана терс жактарынын күчөшү кездешет. Оң жактарын атап өтсөк: жумшактык, сезимталдуулук, бай ой-жүгүртүүлөрү, чыгармачыл жан-дүйнө, ырайымдуу санаалаштык, жөнөкөй эместик, курч жана жүйөлүү акылдуулук. Ашыкча кыялкечтик, майрамдуулук, жалкоолук, тыкатсыздык, коркунучтар, нервтенүүлөр, ашыкча санаа тартуулар жана чындыкты фантазиянын боёктору менен боёп коюуулар өз ара тоскоолдуктарды жаратат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 911, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу