Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балык айымдар

Баш барак | Гороскоп | Балык айымдар

Балык-айымдарды сүйүп калган мырзаларга алардын жашоосуна чыныгы сырдуулук келгенин акыл-эси менен таанып билүү керек. Мындай айымдар өзүнүн сырдуулугу менен көптөгөн башка зодиак белгисиндеги айымдардай спекуляцияга барбайт. Бул айымдар табиятынан эле сырдуу болуп, жүз пайызга бул жаатта жөнөкөй.



Мындай айымдар ушунча татынакай келип, кээде көз карашты бул айымдардан алып кетүү оор. Көп учурда Балык-айымдар өз натурасы менен күчтүү жана бекем болгон карьерист-айымдардын катарына кирбейт. Айрыкча булар өз көлөкөсү менен мырзаларды тосуп, аларды башкарганга да аракет жасабайт. Балык-айымдар өз түгөйүн баркын көтөрүп мактоого дайым даяр болуп, ошонусу менен өзүнө болгон ишеничин арбытат. Камкордук - бул мындай айымдар муктаж болгон нерсе. Бирок Балык-айымдар өз торуна керектүү мырзаны кармаган соң, булар андай мырзага абдан талаптуу болуп калат, бул фактыны кабыл алуу зарыл.



Мындай айымдардын кызыктыруучу аялдык касиеттери, болгон кемчиликтерин жашырат жана кечирет. Ооба, булар заардуу жана күйгүлтүктүү, кыжырлуу жана кээде чыр-чатактуу болушу мүмкүн. Бирок мындайлар сейрек болот жана көп учурда начар маанай менен байланыштуу болот. Негизи Балык-айымдар өзүнө назик жана кыялкеч натураны камтып, өз ойлорунда алыс асманда учуп жүрөт, бирок ошол эле мезгилде бир буту сөзсүз түрдө жерде болот.



Балык-айымдар ар кандай багытта кадам шилтеп, ар түрдүү агымдарга берилип кетиши мүмкүн. Бирок мындай учурда булардын жандырмагын табуу оор, анткени булар дээрлик сырдуу адам болушат, ал гана эмес кээде алдамчы да болот. Бирок бул аларды терс жагынан көрсөтүп, куу айым сыяктуу экенин түшүндүрбөйт. Болгону булар өзүнүн өзгөчө сезимталдуулугун текшерип, кырдаал менен ойногонду жактырышат.



Бул зодиак белгисинде төрөлгөн айымдар айрыкча сыртынан жаралуу жана назик адам таасирин калтырат. Айтып коюуу керек, бул жөн эле таасирленүү. Өзүнүн бошотулган жана бир томдуу сырткы көрүнүшүнө карабастан, булар ичинен жетишээрлик күчтүү болот.



Балык-айымдардын сүйүүсүнө кайрылсак, булар өз сезимдерин көрсөтүп, колундагы ачык карталар менен ойногонго көнгөн. Кээ бир учурларда булар ушунча сентименталдуу болуп, бир заматта көз жашы мөлтүлдөп, өз ойлоруна жана кыялдарына чөмүлүп кетиши мүмкүн.



Кандайдыр бир кызыктай уялчаактыгы жана түшүндүрүлгүз өзүнө ишенбестиги, бул нерселерди Балык-айымдар башынан абдан оор өткөрөт. Бул кээде өзүнүн коркунучтары менен ойноп, абдан тереңдеп, депрессиялык абалга түшүп калышы мүмкүн, жана мындай абалдан узак убакытка чейин чыга албайт калышы да мүмкүн. Бул аларды ырайымсыз саркеч дүйнөдө жеңилерлик кылат. Өзүн мындайдан коргоо үчүн, жана өзүнө болгон ишенимсиздигин катуу максатында Балык-айымдар өзүнүн айкөлдүүлүктөрү жана курч ой-толгоолору менен жамынууга аракет жасайт.



Бул айымдар мыкты жар болууга жана үлгүлүү эне болуу үчүн жаралган. Өз күйөөсүн колдоого даяр болуп, ошону менен бирге булар өз балдарын бутунан башына чейин камкордук менен куурчап, аларды жакшы түшүнөт. Көп учурда бул жакшы эмес жыйынтыктарга алып келет, анткени булардын өзгөчө энелик камкордугу балдарынын абдан эрке өсүп калуусуна себеп болот. Жумшак жана өз күйөөсүнө берилген мындай айымдар кээде буларды текшеруу үчүн ашыкча мыкты сезилет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 2977, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу