Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ашпозчунун коопсуздук эрежеси жана гигиенасы

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Ашпозчунун коопсуздук эрежеси жана гигиенасы
Ашпозчунун коопсуздук эрежеси жана гигиенасы

Бүгүн биз ашканадагы, ашпозчунун коопсуздук эрежеси жана гигиенасы жөнүндө кеп кылмакчыбыз. Ар бир ашпозчу мындай эрежелерге олуттуу мамиле жасоо керек. Антпесе, сиздин, кардарлардын, коноктордун туугандардын ден-соолугуна коркунуч жаралат.

Мазмуну

Униформа

Ашпозчу фартугу

Ар бир ашпозчу ашканада иштеп жатканда, униформа (фартук) кийип алып, анын тазалыгына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Андан тышкары ашканага сырты бекем, ылайыктуу бут кийим талап кылынат. Бычак же ушул сыяктуу курч ашкана аспаптары жерге түшүп кетүү учурунда бут кийим андай абалдан буттарды сактоосу керек, ошондой эле бут кийим ашкана бөлмөсүнүн төшөлмөсүнөн тайгаланбоосу талап. Эч качан ашканада кепич кийип алып иштөөгө жол берилбейт. Ашпозчулар тарыхында жерге түшүп кеткен аспаптар буттун сөөмөйлөрүн алып кеткен учурлар абдан көп.

Униформа ак түстө болуусу шарт, анткени ал кирдегенде дароо билинип тургандай болушу талап кылынат. Күңүрт түстөгү униформалардын кирдегени билинбей, андай кийимде ар кандай адамдын ден-соолугуна зыян алып келүүчү микроп-бактериялар чогулат.

Чачтардын узундугу ийинден ылдый болгондо, тоскоолдук жаратпоо, ошондой эле гигиеналык жактан коопсуз болуу үчүн тыкан кылып байлап алуу зарыл. Кошумча атайын ашканада кийилүүчү баш кийим да талап кылынат.

Униформа менен эшикке чыгууга тыюуу салынат, зарыл болгон учурда гана фартукту чечип коюп тышка чыгууга улуксат. Кайтып келген соң колду самындап жууш керек.

Коопсуздук

Иш столдун үстүнө же төшөлмөгө бир нерсени төгүп же чачып алганда дароо тазаланат. Өзгөчө төшөлмөгө төгүлгөн нерсе абдан кооптуу. Ысык суюктуктарды көтөрүп баратканда тайгаланып кетүү коркунучу эки эсе чоң.

Жумуш орунду таза кармоо

Ашпозчунун жанында өзүнө зарыл гана нерселери болушу эреже, ашык же кереги жок нерселерди дароо ордуна коюуу жакшы. Аспаптарды колдонгон соң дароо жуугучка салып жууш керек. Ашканада жуугучтун ролун башка адам аткарса дароо ага берүү шарт. Ушундай эле эреже колдонулган тактайларга, азык-түлүктөргө тиешелүү.

Ашпозчунун белинде байланып жүрүүчү ысык нерселерге арналган сүлгүгө суу колдорду кургатууга тыюуу салынат. Сүлгү дайыма кургак болушу керек. Нымдуулук ысыкты жакшы өткөргөнүнө байланыштуу, ным сүлгү менен ысык нерсени кармаганда колдорду күйгүзүп алуу коркунучу жогору.

Ысык нерсени сүлгү менен кармагычынан кармап столго койгондо, кармагычындагы сүлгүнү ошол жерде калтыруу эрежесин унутпаңыз. Кесиптештерге ал жөнүндө зарыл болсо айтып коюуу абзель.

Бычак менен иштеп жатканда колду ары-бери шилтебей, ары-бери басканда бычакты колго кармап, колду шилтебей басуу эреже. Андан тышкары курч аспаптарды столдун четине койгонго болбойт.

Коркунучтуу нерселердин ордун которуштурууда кесиптештерди эскертүү. Курч аспаптардын тобун же ысык нерселерди, көтөрүп алып ашканада басууда сөзсүз кесиптештерге ал жөнүндө билдирүү. Абайлаңыз ысык нерсе же абайлаңыз оор нерсе деген эскертүүлөр. Бул алып бара жаткан адамдын милдети.

Ашкананын ичинде жүрүүдө биринчи башты буруп, эч кимге тоскоолдук жаратпаган соң гана кыймыл аракет, басууну баштоо. Артты карап басууга болбойт.

Гигиена

  1. Тамак-ашты атайын униформа кийип алып жасоо, фартук, атайын бут кийим, баш кийим, гигиеналык кол каптар.
  2. Аш даярдоого киришүү алдында колду 20 секундтан кем эмес самындап жууп. Тырмактар кыска кыркылуусу шарт.
  3. Колду жуу
  4. Азыктарды жууп-тазалоо, аарчуу.
  5. Тамак бышып жатканда ар бир ашпозчу тамакты даамдам көрөт. Ушуга байланыштуу бир кашык менен бир гана жолу даамдап көрүү жакшы. Бул гигиенадан тышкары ашпозчунун професионалдуулугун көрсөтөт. Ошондуктан ашпозчунун жанында дайыма тыкан идиште салынган таза кашыктар болуусу пайдалуу.
  6. 1 кашык колдонуу
  7. Зарыл болбогон азык-түлүктөр дайыма муздаткычта туруусу. Бул ар кандай микроп-бактериялардан тышкары, азык-түлүктүн жакшы сакталуусун камсыз кылат.
  8. Мөмө жемиш, жер жемиш, жашылча жемиштерди азыктарды туураган тактайдын үстүндө тазалоого болбойт.
  9. Азыктарды туураган тактайды бат-бат жууп, вертикалдык абалда кургатуу. Ашканадагы тактайлардын саны бардыгына жетиштүү жана кошумча тактайлар дайыма таза абалда болуусу.
  10. Азык-түлүктөрдүн бузулуп кетпешин дайыма байкап туруу. Маркировка, өңү-түсү, жыты аркылуу. Бузулуп бараткан азыктарды тапкан соң ыргытуу.
  11. Бычактарды таза жана кургак кармоо.
  12. Муздаткычтын температурасын колго текшерүү үчүн ашканада термометрдин болуусу.
  13. Муздачткычтын температурасын күн сайын текшерүү. Кээде муздаткычтар иштебей же чала иштейт.
  14. Даяр тамактарды жана азыктарды мискейде эмес, атайын капкагы бар контейнерлерде же азык пленкаларына ороп сактоо. Контейнер бошоору замат аны таза жууп кургатуу. Колдонулган пленканы экинчи ирет колдонуу болбойт.
  15. Азыктар контейнери
  16. Даяр азыктарды чийки азыктардан өзүнчө сактоо.
  17. Сактоого алынган азыктардын бардыгын маркировкалоо эреже. Маркировкада азыктын атын, жана сактоого алынган датасы, сааты жазылат.
  18. Азыктарды төшөлмөгө, жерге коюп сактоого жол берилбейт. Жерден эң аз дегенде 20см бийик коюлат.
  19. Ысык, жылуу тамактарды дароо муздаткычка салууга болбойт. Муздагандан кийин гана.
  20. Жумушчу столдун үстүн колдонгондон кийин жууп-тазалап, антибактериалдык каражат менен дезинфекциялоо.
  21. Таза ашкана столу
  22. Ашкананы күн сайын тазалап-жуу иштерин жүргүзүү. Ашкананы дайыма идеалдуу тазалыкта кармоо талап.

Достор, макаланы толуктоого ой-пикирлер болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2020-06-09, Көрүүлөр: 6529, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо