Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жана балыктар

Булар бири-биринин бактысын табып, бири-бирине айкалыша алат, эгер ар бири өз мүнөзүнүн терс жактарын эмес, оң жактарын бири-бирине көрсөтө билсе.



Бул адамдардын мүнөздөрү, темпераменти жана жашоого болгон мамилеси ар башка. Арстандар от стихиясынын жашоочусу, ал эми Балыктар болсо сууда, ушуга байланыштуу, мамиледе гармонияга жетүү үчүн буларга көп аракеттерди жасоо зарыл. Ал эми бирөөнө болсо балким жашоо чөйрөсүн өзгөртүүгө зарыл болот. Арстандар мамилелерге динамиканы жана кубаттуулукту берет. Балыктар болсо курч оркоюууларды түздөп, кырдаалга айкалыша алат.



Арстандар дайыма күч-кубатка жана каалоолорго толуп, аны ниети менен иш-аракеттерге айландырат. Балыктар зодиак белгисинин сезимталдуу адамдарынын бири болгонуна карабастан, булар Арстандар үчүн абдан сезимталсыз жана салкын болушат. А бирок чындыгында булар жөн эле сезимдерин катып, болгону сак мүнөздө болушат. Атактуу болгон Арстандардын мандай-тескей соккулары, Балыктарга жага бербейт. Жана тескерисинче, Балыктар үчүн Арстандар абдан темпераментүү жана кысымдуу. Ал эми Арстандар үчүн Балыктар түшүнүксүз жана логикасыз.



Арстандар үчүн бул биримдик абдан түйшүктүү биримдиктердин бири. Мындай мамилелерде Арстандардын "бир жылы эки жылга" созулуп өтөт, ал эми ички мүдөөлүк өнүгүүлөр мындай учурда, чыгармачылыктын бийиктигине чыгарат. Буга күч-кубаттын жетиши, жана боштондуруучу ажырашуу болуп калбоосу абдан маанилүү... Балыктар Арстандардын талаптарына бат эле көнүп, жана өз максаттарына жетүү үчүн, аларды ийгиликтүү башкарууну да бат эле үйрөнүп алат.



Бир жагынан, Балыктар, камкордукка жана коргоого муктаж болот, а бул сүйүүчү Арстандар бере алчу иш болуп, алар андай иштерге дайым даяр. Балыктар Арстандарды бийик деңгэлдее баалап, эч ким суктана албагандай суктанышат. Жана Арстандардын жашоосуна көптөгөн назиктикти жана түшүнүүлөрдү алып келет, Арстан болсо түгөйүнө эмоционалдык жана жашоо коопсуздугун камсыз кылат.



Балыктар Арстандардын тышкы айкөлдүгү менен теңелүүчү, жаркын ички мүдөөлүк айкөлдүккө ээ болуп, эгер аракет кылышса, жашоонун бардык тармагында: ишмердикте, достукта, үй-бүлөөдө же никеде жакшы шериктеш боло алышат.



Арстандар табиятынан эле мыкты уюштуруучу болуп, финансы чыгымдарынын учетун талап кылышы мүмкүн. Жана бул кандай таң калаарлык болбосун, Балыктар үчүн оор келген финансы учетун жакшы алып барат, бирок акчага болгон сыйы менен баарыбир айырмаланбайт. Бул экөөнүн мамилеси көбүнчө рационалдуу эмес, интуитивдүү. А бул, албетте, Арстандарды дайыма таң калтырат, анткени, алар үчүн рационалдуулук бул - жападан жалгыз ой-жүгүртүүлөрдүн жана иш-аракеттердин акыл эстүү жөлөк-таягы.



Конфликттерге малынып калбоо үчүн, Балыктарга бул же тигил тапшырмаларды чечүүгө көбүрөөк убакыт берип, аларга кысым жасабаганга аракет кылуу зарыл, ушундай учурда булар акырындык менен өзүлөрүн табып, тажрыйбага ээ болот.



Арстандар - мырза жана Балыктар айым болгон нике асыранды жана жөнөкөй болот.



Эң жакшы мүмкүндүк бул - сүйүп, бири-биринин күч-кубаты менен тажрыйба алмашып, жана ошол эле убакта бири-биринин алсыздыктары менен бир санаалаш болуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 749, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо