Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.

арпанын алатоосунан

Созу, обону Мусаныкы

Арпанын Алатоосунан

Аркарын атсам зоосунан,

Ардактуу шумкар экен деп

Алсам дейм куштун боосунан.

Айлына кундо баргандан,

Артымды ойлоп чочунам.

Асылкеч сендей келиндин

Айлантып опсом оозунан.

Кар кетпес Алатоосунан,

Карасам кийик зоосунан.

Кадимки шумкар экен деп,

Кармасам куштун боосунан.

Калкына кундо баргандан,

Капырай минтип чочунам.

Кадыркеч сендей келиндин,

Кайрылтып опсом оозунан.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 512, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо/Пикирлер