СөзүБ. Абакировдуку
ОбонуА. Бөдөшовдуку

Күндөн-күнгө ачып эшик,
Өмүр өтөт сууну кечип.
Өмүрлөргө улай көргүн,
Биз бөлөнгөн арча бешик.

Термеле бер, термеле көр,
Акжолтоюм арча бешик.
Балалуу үйдө ырыс-кешик,
Бала баса уйку кетип.

Ар бирөөнү кубантса экен,
Сүйүнчүлөп эшик чертип.
Термеле көр, термеле бер,
Кут куюлган арча бешик.

Жыргалдуу күн турмуш жаңы,
Көбөйсө экен бала саны.
Бала бакыт жаркыраган,
Келечектин күйгөн шамы.

Термеле көр, термеле бер,
Акжолтоюм арча бешик.
Бала деген ичти эзип,
Борс-борс күлсө кайгы кетип,
Жыргай түшөт ата-эне,
Айга, күнгө колу жетип.

Термеле көр, термеле бер,
Акжолтоюм арча бешик.

Арча бешик


СөзүБ. Абакировдуку ОбонуА. Бөдөшовдуку Күндөн-күнгө ачып эшик, Өмүр өтөт сууну кечип. Өмүрлөргө улай көргүн, Биз бөлөнгөн арча бешик. Термеле бер, термеле көр, Акжолтоюм арча бешик. Балалуу үйдө ырыс-кешик, Бала баса уйку кетип. Ар бирөөнү кубантса экен, Сүйүнчүлөп эшик чертип. Термеле көр, термеле бер, Кут куюлган арча бешик. Жыргалдуу күн турмуш жаңы, Көбөйсө экен бала саны. Бала бакыт жаркыраган, Келечектин күйгөн шамы. Термеле көр, термеле бер, Акжолтоюм арча бешик. Бала деген ичти эзип, Борс-борс күлсө кайгы…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 5423, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-08-24

Айдана
абдан сонун экен