Кыргыз живописинин баштоочуларынын, сүрөт искусствосунун көрүнүктүү классиктеринин бири "Акылбеков Сабырбек" көркөм чыгармачылыкта көөнөрбөс чыйыр салып, татыктуу из калтырып кетти. "Искусстводо көздөгөнүнө жетиш үчүн, искусство менен "ооруш" керек" - деп сүрөтчүнүн милдетин белгилеп, жаш талапкерлерге тынымсыз үйрөнүү жана эмгектенүү жөнүндө, кайсы куракка келсеңер да иште жаштыктын өткүр сезимин сактай билүү жөнүндө айтчу. Акылбеков сүрөтчүлүк озуйпасын жогору тутуп, табият сулуулугуна миң толгонуп, наристедей берилип сүйгөн. Сулуулуктун ар бир үзүмүнө өзүнчө таасирленип: "карасаң кандай кооз, муну өзүндөй бериш үчүн сүрөтчү жаратылыштай чебер болуш керек", - дечү. Акылбеков дал ушундай сүрөткер болгон.
Анын кыргыз искусствосунун алтын фондусуна кирген "Кыргызстандын түштүгүндө", "Ысык-Көлдө", "Чычкан суусу", "Талаада", "Инир", "Кыргызстандын талааларында", "Кечинде жылкы үйүрүндө" сыяктуу чыгармалары Москва, Монреаль, Париж, Пекинде көрсөтүлүп, жергебиздин ажарын ачкан. Мындан тышкары сүрөтчү нечен ирет портрет жанрына кайрылып, белгилүү акын-демократ Токтогулдун шакирттери Коргол менен Кулукенин портреттерин, "Колхоз саанчысы", "Салыяхан Момунова" сыяктуу портреттерди тарткан. Ал эми 60-жылдарда жараткан "Завод трассасында", "Үй куруу заводунда", "97-чакырымда" аттуу тематикалык композицияларында жаңы курулушка, өзгөргөн өнөр-жайга болгон мамилеси чагылдырылган. Деген менен Сабырбек Акылбеков элге негизинен таланттуу пейзажист катары таанымал. Чындыгында акын өзгөчө бир керемет, анын жүрөгүнөн чыккан жупуну ырлар сени кубанычка бөлөйт, окуган сайын окугуң келет. Азыркы акындар ырларын кагазга түшүрүшүп, китеп жаратышат. Ал китептеги ырлар сени дайым эмгекке, адилдикке, чынчылдыкка үндөп, эрдикке шыктандырат. Жалпы кыргыз эли улуу акындардын учугун улаган А. Токомбаев, А. Осмонов, С. Эралиев, С. Жусуев, Ж. Садыков, О. Султанов өңдүү жана башка акындары менен сыймыктанат. Алардын чыгармаларын карылар да, жаштар да, балдар да сүйүп окушат.