Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Акматов Кенжебай

Баш барак | Биографиялар | Акматов Кенжебай

Акматов Кенжебай (1932, Жети-Өгүз району, Чырак айылы — 1995, каза болгон жери ошол эле жер) — ботаник, биологиялык илимдеринин доктору (1980).

Кыргызстан илимдер академиясынын Ботаника институтунда кенже илимий кызматкер (1957—62), 1962-жылдан Биохимия жана физиология институтунда улук илимий кызматкер, 1965-жылдан Кыргызстан илимдер академиясынын Ботаника багында адегенде улук илимий кызматкер, 1971-жылдан директордун илимий иштер боюнча орун басары, 1975—1984-жылдары директору.1984-жылдан тарта өсүмдүктөрдүн чыдамдуулугу лабораториясынын башчысы.

Негизги эмгектери

Дарак өсүмдүктөрүнүн экологиясын жана физиологиясын изилдөөгө (анын ичинде Ысык-Көл өрөөнүнүн шартында дарак жана бадал өсүмдүк түрлөрүн байырлаштырып өстүрүүгө) арналган 80ден ашык илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография; токой чарбачылыгы боюнча терминдин орусчакыргызча сөздүгү) автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1142, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу