Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Акматов Казат

Баш барак | Биографиялар | Акматов Казат

(1941-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - жазуучу. 1966-жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомол мектебин, 1967-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1954-жылы Ысык-Көл районундагы 54-жылкы заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1964-жылдан комсомолдук иштерде - адегенде Кыргызстан ЛКЖС Ысык-Көл райондук комитетинде инструктор, бөлүм башчы, 1967-жылдан 1-катчы. 1972-жылдан «Кыргызстан» басмасында улук редактор, башкы редакторго орун басар, 1974—83-жылы Кыргызстан КП БКнын инструктору, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары, 1983—86-жылы Кыргызстан мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору, 1986—90-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы. 1990жылдан Кыргыз Республиканын Жогорку кеңешинин мамлекеттик символдор боюнча комиссиясынын төрагасы.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруучусу (1990), анын тең төрагасы, 1991—93-жылы төрагасы. 1994-жылы сентябрдан Кыргыз Республиканын президентинин алдындагы басма сөз маселслери боюнча коомдук палатанын төрагасы. Биринчи аңгемелер жыйнагы 1974-жылы «Боз улан» деген ат менен чыккан. «Ыйык журт» (1978), «Мезгил» (1979), «Мунабия» (1982), «Күндү айланган жылдар» (1988), «Время земное» (1983) жана башкалар роман, повесть, аңгемелер жыйнактарынын автору. «Ажырашуу», «Мунабия», «Авария» пьесалары сахнага коюлган. Бир катар көркөм жана документ фильмдердин сценарийлерин («Жаралуу үчүн өлүм», «Белый габун») жазган. Адамдын мезгилге жана мезгилдин адамга болгон карым-катышы, өз ара таасирлери, шайкепггиги же карама-каршылыгы, алардан келип чыккан окуялардын курчтугу, драмалык татаалдыгы, кырдаалдын себеп-натыйжалуу туундулары, адам эркиндиги А-дун чыгармаларынын иликтөө борборунда. Бүткүл союздук Н. Островский атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (1978). 1990—95-жылы Кыргыз Республиканын жогорку Кеңешинин депутаты, 1991-жылы Кыргыз Республиканын Президенттик Советинин мүчөсү, 1992жылдан Люксембург Улуу Герцогдугунун Кыргызстандагы ардактуу консулу.

Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1596, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу