TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Акбилек (ыр), сөзү Т. Шатшиев, обону А. Тулеев

Акбилек (ыр), сөзү Т. Шатшиев, обону А. Тулеев

Акыркы оңдоо:

Акбилек (ыр), сөзү Т. Шатшиев, обону А. Тулеев

Эки колу, эки колу тең, иштейт,
Автомат дейт, автомат дейт Акбилек.
Күндө эки норманы аткарат дейт Акбилек,
Аткарат дейт Акбилек.

Машинаны ар качан, шаштырат дейт, Акбилек.
Адамзатты, адамзатты кубанткан,
Асылы сенсин, асылы дейсиң, Акбилек.
Жылдык берген планды, ашырыпсын, Акбилек.

Мактанбастан мунуңду,
Жашырыпсың, шаштырыпсын Акбилек.
Эмгегинен, эмгегинен талбаган
Жан экен го, жан экен го Акбилек.

Көтөрүлгөн, көтөрүлгөн деңизден
Буу экен го, буу экен го Акбилек.
Көктөн түшкөн туптунук,
Суу экен го Акбилек.
Суу экен го Акбилек,
Иште дагы күчтөнүп.
Атагыңды, атагыңды эл билет.

Көрүүлөр: 1007
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо