Созу Кубанычбектики
Обону элдики
Жагалмайдай кайкып учуп баралбай,
Жаш журокко жагар дары табалбай.
Ак кептерим тутобойун арманга,
Кучак жайып, кумар жазып калалбай.
Асманга учсан мен да кутом жолунду,
Ак мандайым кармасам дейм колунду.
Эч болбосо сен конуучу токойго
Жаным секет жаялбадым торумду.
«Куйсон куй» деп кашты серпип кулгонун.
Жанымды орттоп, жал-жал карап жургонун,
Мынча неге тулку куумай ойноттун,
Айтчы деги анык бекен суйгонун.
Эми качан сыр туйунун чечесин?
Кайсы куну колдон кармап отосун?
Коз корбостон келбес сапар тартсан да,
Кантип деги кадырлашпай кетесин?
Сен дегенде туралбаймын жай алып,
Келаткансып, эки жагым каранып.
Тушумдо да карагайлуу булакта
Булактайсын кундуз чачын таранып.
Кундуз жоксун мен беймаза, убара,
Курсун жаным убарамды сураба.
Эми качан суйундурот журокту,
«Олгончо жан бирге» деген убада?