айбыгып журом

Созу Б. Абакировдуку

Обону К. Темировдуку.

Коруно калса караанын,

Когултур оттой жанамын.

Шылтоолоп болбос иш учун,

Шынарлап жакын барамын.

Ийменип бирок суйлобой,

Ичимден сызып каламын.

Мезгилдер учат зымырап,

Мендеги ойлор жыйылат.

Капыстан артта келатсан,

Кадамым калат кыбырап.

Бир паска бирге басканда,

Буткон бой кетет чымырап.

Махабат колун жай кылып,

Маанайым пасмын кайгырып.

Ойнойбуз тушто булактан,

Ойгонсом калам айрылып,

Жаштарга кыйын иш экен,

Айталбай журом айбыгып.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)