Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ахунбаев Иса Коноевич

Баш барак | Биографиялар | Ахунбаев Иса Коноевич

Ахунбаев Иса КоноевичТалас районунун бир айлында Шаршенбек Мырзабеков деген бала жашаган. Ал бардык балдардай эле мектепке барчу, ата-энесине жардам берип, үйдө сабагын даярдачу жана балдар менен ойночу. Бир гана күз, кыш айларында тамагы башка балдарга караганда көбүрөөк ооруп кала турган. Ал оорунун ангина экенин (муун жана жүрөктү бузуучу коркунучтуу оору) билген эмес. Бара-бара жүрөгүнүн ооруганын сезе баштайт.

Оору жылдан жылга күчөй берет. Акыры Шаршенбек чуркамак турсун катуу басканда да деми кыстыгып кетчү болду. Врачтар Шаршенбекте кызыл жүгүрүктүн жүрөк кемтиги пайда болгонун, аны операция жасап гана айыктырууга болорун айтышты. Шаршенбектин ата-энеси Бишкек шаарындагы окумуштуу, хирург Ахунбаев Иса Коноевичке кайрылышты. 1959-жылы 19-майда И. К. Ахунбаев Шаршенбектин жүрөгүнө операция жасап, анын өмүрүн сактап калат.

Бул окуя Мырзабековдордун үй-бүлөсү үчүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз хирургиясында тарыхый күн болуп калды. Ахунбаев чыгыштын хирургдарынын ичинен биринчи болуп жүрөккө операция жасап, кыргыз медицинасынын тарыхынын жаңы барагын ачкан. Мындай залкар ийгиликке хирург көп жылдык талыкпаган эмгеги, такай изденүүсү жана чыгармачыл демилгеси менен жетишкен. Иса Коноевич Ахунбаев 1908-жылы 25-сентябрда Ысыккөлдүн жээгиндеги Торайгыр айылында туулган.

Балалыгы байдын малын кайтаруу менен өткөн. Октябрь революциясы жеңгенден кийин гана окууга мүмкүнчүлүк алып, жөө-жалаң Фрунзеге (Бишкекке), андан Ташкенге келип, Орто Азия университетинин медицина факультетине өткөн. Илимге карай анын узак жана татаал жолу ушундайча башталган. Кечээ эле көрүнгөндүн малын багып, ач-жылаңач жүргөн, жыртык кийимчен кыргыз бала медицина илиминин биринчи доктору, академик, илимдер академиянын алгачкы президенти болгон.

И. К. Ахунбаев бүт өмүрүн оору менен күрөшүүгө арнаган. Анын эндемиялык богок, адамдын эс-учун жоготуу (шок) оорулары боюнча илимий изилдөөлөрү бүт дүйнөгө маалым болгон. Бул иши үчүн И. К. Ахунбаев Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Анын демилгеси менен Кыргызстанда анестезиология жана реаниматология иштери уюштурулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2220, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу